Кыргызстан жана АКШ эки тараптуу кеӊешүүлөрдү өткөрөт

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабар беришинче, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баштаган делегация жыл сайын өтүүчү эки тараптуу кеңешмеге катышуу үчүн Вашингтонго кетти. Жыйын 8-10-апрель күндөргө белгиленген. Жыйындын алкагында, саясий, соода-экономикалык кызматташуу талкууланат. Ошондой эле адам укуктары, демократия жана коопсуздук жаатында маселелер каралат.

 Туркистон:

АКШ өкмөтү Россия башчылыгында түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигинин кеңейишине жол бербестик жана бешигинде эле муунтуп таштоо үчүн Кыргызстандан пайдаланууга олуттуу көӊүл буруп жатат.

 Кыргызстандын күч түзүмдөрүнөн, ошону менен бирге Ички иштер министрлигинен пайдаланган абалда мамлекетте, айрыкча, түштүк областтарда Ислам жана мусулмандарга каршы кеӊири масштабдуу күрөштү баштады. О.э. бул аракеттерди актоо үчүн АКШ тараптан көтөрүп чыгылган исламий коркунучту атайылап көбүртүп көрсөтүү кампаниясын күчөтүп жиберди. Бул иште, айрыкча АКШ конгресси тарабынан каржыланып келе жаткан “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматы астына эч кимди чыгарбай келе жатат.

 АКШ түзүп берген долбоор боюнча ИИМ Хизб ут-Тахрирдин мүчөлөрүн кысымга алып, Шайх Рашод кары Камаловду негизсиз айыптоолор менен камакка алды. Бул аркылуу АКШ жана күч түзүмдөрү мусулмандардан терс мамиле болушун, ал тургай, башаламандыктар пайда болушун күтүшкөн эле. А бирок, алардын бул планы ишке ашпады. Эгерде алар күткөн план ишке ашып Кыргызстанда башаламандыктар башталып кеткен болсо,  анда Кыргызстандын май айынан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болушу жана Россия өкүмдарлыгы астында түзүлгөн бул уюмдун кеңейиши, ал тургай, анын мындан кийин да бар болуп калышы суроо астында калат болчу.

 А бирок, АКШнын бир планы ишке ашпаган болсо да, ага алтернативдүү түрдө даярдап койгон дагы башка бир нече пландары бар болушу табигый. Кыргызстандан АКШга удаама-удаа барып жаткан делегациялар да, АКШ расмий чөйрөсүнөн берилип жаткан ар түрдүү билдирүүлөр да ушуга далалат кылып турат. Ошондуктан да Борбор Азия республикаларынын жетекчилери жана айрыкча мусулмандар сергек болушпаса, АКШ тарабынан коюлган бирер капканга түшүп калышы мүмкүн.  

turkistonkg

Recent Posts

Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла!

Басма сөз баянаты Оо, Шамдагы ахрар козголоңчулар! Умматтын үмүтү силерде, үмүтүн жокко чыгарбагыла!  Оо, Шам…

6 hours ago

Шам тогуту кулатылды… Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө этият болгула

Шам тогуту кулатылды... Бирок, Америка жана анын малайлары тикелемекчи болуп жаткан бузгунчу секулярдык башкаруудан өтө-өтө…

6 hours ago

Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам, Ислам түзүмү, башкаруусу жана мамлекети керек

Басма сөз баянаты Шам калкына өткөөл доор да, убактылуу өкмөт да керек эмес, аларга Ислам,…

6 hours ago

«Акса ташкыны» фактыларды ашкерелеп, кыянаттарды ачыктоодо

Басма сөз баянаты «Акса ташкыны» фактыларды ашкерелеп, кыянаттарды ачыктоодо АКШ жана Франция жетекчилиги астында Ливан…

6 hours ago

Чыныгы өзгөрүү Уммат акыйдасына таянган долбоор менен гана ишке ашат Кимде андай долбоор бар?

Басма сөз баянаты Чыныгы өзгөрүү Уммат акыйдасына таянган долбоор менен гана ишке ашат Кимде андай…

6 hours ago

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү

Кыргызстанда бай-кедей ажырымы үч жылда эки эсе өстү Кыргызстанда үч жыл мурун калктын эң бай…

2 days ago