(Жихад Халифалыкты тикелөө тарыйкаты эмес) деген сүйлөмдү айкындаштырууга тиешелүү суроога жооп

309
0

Хизбут-Тахрир амири аалым, шейх Ато ибн Халил Абу Роштанын Фейсбук тармагынын колдонуучулары берген суроолоруна жооптору:

Lone Travellerдин (Жихад Халифалыкты тикелөө тарыйкаты эмес) деген сүйлөмдү айкындаштырууга тиешелүү суроосуна жооп

Суроо:

(Assalamu Alaikum our honorable Ameer:

We say that establishment of Khilafah and Jihad are different obligations justifying the point that Jihad can’t be the methodology to establish the Khilafah. Can you explain that these two are different obligations?

May Allah (swt) accept you and give you the responsibility to guide the Ummah) end

Суроонун котормосу:

Ассаламу алайкум улуу амирибиз:

Биз Халифалык бир фарз, жихад болсо дагы бир фарз, жихад Халифалыкты тикелөө тарыйкаты эмес… деп айтабыз. Сураныч, ушул ишти айкындаштырып берсеӊиз…

Аллах Субханаху ва Тааладан сизден кабыл алышын жана сизге Үммөткө жетекчилик кылуу неъматын тартуулашын сурап калабыз.

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух

Бул жерде бир нече негизги иштер бар болуп, аларды жакшылап түшүнүп алуу зарыл, анткени алар жоопту айкындаштырып берет:

  • Бирер маселенин шаръий өкүмүн истинбат кылуу үчүн талап кылына турган далилдер ошол маселе боюнча далилдер болуп, алар башка маселе боюнча далилдер эмес:

а)   Мисалы, даарат кандай алынышын билмекчи болсом мен даарат далилдерин – алар Меккеде түшүрүлгөнбү же Мадинадабы, мунун айырмасы жок – издеймин жана алардан ээрчиле турган усулга ылайык шаръий өкүм истинбат кылынат… Бирок, мен даарат жана анын кандай алынышы өкүмүн алуу үчүн орзонун далилдерин издебеймин.

б)   Мисалы, ажылык өкүмдөрүн билмекчи болсом ажылык далилдерин – алар Меккеде түшүрүлгөнбү же Мадинадабы, мунун айырмасы жок – издеймин жана алардан ээрчиле турган усулга ылайык шаръий өкүм истинбат кылынат. Бирок, мен ажылык жана анын кандай кылынышы өкүмүн алуу үчүн намаздын далилдерин издебеймин.

в)   Мисалы, жихад өкүмдөрүн: Анын фарзи айн же фарзи кифая экендигин, коргонуу жихадыбы же биринчи болуп баштап кылынуучу жихадбы, жихаддан келиб чыгуучу фатх жана Исламды жаюу өкүмдөрүн – күч менен фатх кылуу болобу, же сулх мененби, мунун айырмасы жок –   билмекчи болсом, мен жихад далилдерин, алар Меккеде түшүрүлгөнбү же Мадинадабы, мунун айырмасы жок, издеймин жана алардан ээрчиле турган усулга ылайык шаръий өкүм истинбат кылынат. Бирок, мен жихад жана анын тафсилаттары өкүмүн алуу үчүн зекеттин далилдерин издебеймин.

г)   Бардык маселелерде ушундай. Анткени, алардын Мекке же Мадинада келген өз далилдери изделет жана ээрчиле турган усулга ылайык мына ошол далилден маселенин шаръий өкүмү алынат.

  • Эми Исламий Халифалыкты тикелөө маселесине келебиз жана анын далилдерин издейбиз. Бул далилдер Меккеде түшүрүлгөнбү же Мадинадабы, мунун айырмасы жок. Алардан ээрчиле турган усул боюнча шаръий өкүмдү истинбат кылабыз.

а)   Биз Исламий мамлекетти тикелөөгө тиешелүү далилдерди Расулуллах A өзүнүн Меккедеги сийраттарында гана баян кылып бергендигин көрөбүз. Анткени, Пайгамбарыбыз Исламга жашыруун даъват кылып, бир сабырдуу жана ыймандуу уюмду пайда кылды… Мына ошондон кийин бул уюмду Меккедеги адамдар арасында жана ажылык мезгилдеринде жарыя кылды… Кийинчерээк күч-кубат ээлеринен нусрат талап кылды. Натыйжада Аллах Субханаху ал кишини ансорлор менен азиз кылды, ошондон кийин Пайгамбарыбыз алардын өлкөсүнө хижрат кылды жана мамлекетти тикеледи.

б)   Расул A мамлекетти тикелөө үчүн Мекке калкына каршы согушпады, мамлекетти тикелөө үчүн эч бир урууга каршы согушпады. Акыйкатта болсо, Расул A жана ал кишинин сахабалары – алардан Аллах ыраазы болсун – согушта эр жүрөк, күчтүү, такыбаа болчу… Бирок, Расул A мамлекетти тикелөө үчүн согуштан пайдаланбады, тескерисинче, ансорлор Пайгамбарыбыздын даъватын кабыл алып, Пайгамбарыбыз A мамлекетти курганга чейин даъват кылууну жана нусрат  талап кылууну улантышты.

в)   Мына ошондон кийин фатх, Исламды жаюу жана Исламий мамлекетти коргоо үчүн жихад өкүмдөрү фарз кылынды. Жихад мамлекетти тикелөө үчүн фарз кылынбады. Булардын бардыгы Расулуллах A сийратында ачык-айкын көрүнүп турат.

г)   Ошентип, демек мамлекет кандай тикленгенин билмекчи болсок, анын көрүнүшү Расулуллах Aдын даъваты, нусрат талап кылышы, ансорлордун даъватты кабыл алышы жана мамлекеттин тикеленишинен турган иштеринен алынат… Эми эгерде жихад өкүмдөрүн билип алмакчы болсок, анын өкүмдөрү жихадга тиешелүү шаръий далилдерден алынат. Демек, ар бир фарздын далилдери ага тиешелүү далилдерден алынат. Демек, мамлекетти тикелөө аны тикелөө далилдеринен, жихад болсо жихад далилдеринен алынат жана ошого катуу амал кылынат. Аллах Субханаху тавфик берүүчү Ээбиз.

Боордошуӊуз Ато ибн Халил Абу Рошта                                                    

28-ражаб, 1435-х.

27-май, 2014-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here