Бишкекте экстремизмге каршы күрөш боюнча кезектеги эл аралык форум болуп өтөт

324
0

Үстүбүздөгү жылдын 2-3-март күндөрү Бишкек шаарында Кыргызстан стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту УКМКнын терроризмге каршы күрөш борбору менен кызматташтыкта “Борбор Азияда зордукчул экстремизм жана диний радикалдашууга каршы күрөштө өкмөттүк органдар жана илимий-изилдөө институттарынын иш-аракеттерин бириктирүү” деген аталышта форум уюштурган. Бул форумда Борбор Азияда жайгашкан бардык республикалардын күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышып,  экстремизм менен терроризмге каршы күрөштө күч түзүмдөрү о.э. илимий институттар кызматташтыгын күчөтүүгө келишип алышкан эле.

 Арадан бир апта өтүп, 11-март күнү дагы кайрадан Бишкек шаарында экстремизм жана терроризмге каршы күрөшкө арналган Борбор Азия уламалары форуму уюштурулуп, анда Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан мамлекеттеринен диний уламалар катышкан эле.

 Эми болсо Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине кезек келди. Кыргызстан ИИМинин маалымат кызматынын кабар беришинче, 26-март күнү Бишкек шаарында болуп өтүүчү экстремизмге каршы күрөш боюнча кезектеги эл аралык форумда Борбор Азия республикаларынын Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү катышат.

 Министрликтин маалымат кызматынын кабар беришинче, жогорудагы форумду өткөрүүдөн максат, Борбор Азия республикаларынын ички иштер органдарынын (милициянын) экстремизм жана терроризмге каршы күрөштө кызматташтыгын күчөтүүдөн турат.

 Жогорудагы эл аралык форум Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмү тарабынан Search for Common Ground мамлекет эмес уюму (НПО) жана Бишкектеги Улуу Британия элчиканасы жардамында уюштурулууда. Форумда Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан ИИМдеринин терроризмге каршы күрөш бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана эксперттери катышат.

 Туркистон:

АКШ тарабынан пайда кылынган жана мүмкүн болушунча коркунучтуу кылып көрсөтүүгө аракет кылынып жаткан “ИШИМ” коркунучу көпчүлүк мамлекет башчыларынын, айрыкча, Борбор Азияда доорон сүрүп келе жаткан диктатор режимдердин тынчын алып койду. Америка өкмөтү сызган сызыктан бир карыш да четке чыгууга кудуреттүү болбогон Афганистан өкмөтү да өз аймагында “ИШИМ” пайда болгону тууралуу жана алда качан эле орношуп, өзү үчүн база курганы о.э. чабуулга даярдык көрүп жатканы жөнүндө тынымсыз чуу салып, жок эле коркунучту ого бетер көбүртүп көрсөтүүгө салымын кошуп келе жатат. АКШ бул коркунучтар артынан Афганистанда калуу мөөнөтүн созууга о.э. ага кошуна болгон республикалар менен саясий, экономикалык жана аскерий келишимдерди түзүү аркылуу таасир чөйрөсүн кеӊейтүүдө пайдаланып калууга киришкен.

  Өз кезегинде бул коркунучтан Россия өкмөтү да региондо өзүнүн аскерий аралашуусун ого бетер күчөтүп алуу жолунда пайдаланып калмакчы. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Башкы катчысы Николай Бордюжа 17-март күнү Москвада казакстандык журналисттер менен болгон жолугушууда, “Талибан” жана “ИШИМ”дин Борбор Азияга кирүү каалоосу бар экендиги тууралуу маалыматтар келип жатканын айтып, Өзбекстан жана Түркмөнстандын ЖККУ менен кызматташуудан баш тартып жатканын билдирген болсо да, 24-март күнү “Хроника Туркменистана” сайты Түркмөнстандын Афганистан менен болгон чегарасында Өзбекстан чегара наряды жана Россиянын аскерий адистери пайда болгону туурасында кабар берди. Мындан бир күн мурда болсо, Россия Тажикстанда жайгашкан аскерий базасына 100гө жакын БТР-82А тибиндеги бронетранспортёрлорду алып келиши белгилүү болгон.

  Борбор Азия диктаторлору болсо бул коркунучтан өз режимдерин бекемдөө, Ислам жана мусулмандарга каршы зулумдарын ого бетер күчөтүү жолунда пайдаланып калууга аракет кылып жатышат. Россия жана кошуна республикалар тарабынан Борбор Азиядагы эӊ алсыз жана исламийлешүү даражасы өтө жогору деп сүрөттөлүп жаткан Кыргызстан өкмөтү да жогорудагы форумдарды өткөрүү аркылуу өзүнүн алар менен бир кемеде экендигин далилдөөгө аракет кылууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here