Эки жактуу саясатпы?

294
0

Кыргызстан өкмөтү жана күч түзүмдөрү тарабынан акыркы кездерде көтөрүлүп жаткан Исламий коркунуч жана Кыргызстан жарандарынын Сирия, Ирак жана Афганистанга чыгып кетиши о.э. ал жерлерде аскерий даярдыктан өткөндөн кийин террористтик иштерди ишке ашыруу максатында артка кайтып жаткандыктары коркунучу Кыргызстандын расмий массалык маалыматтары аркылуу таркатылышы жана ого бетер көбүртүп көрсөтүлүшү адатка айланып калды.

Күч түзүмдөрү мамлекеттин кээде ал жеринде, кээде бул жеринде террористтер камакка алынганы, тинтүү маалында ок атуучу курал жана жардыруучу заттар табылганы жөнүндө дээрлик тынымсыз маалыматтарды берип келе жатышкан бир убакта “Азаттык” радиосунун кыргыз кызматы Луганск Элдик республикасынын жикчилдери тарапта согушкан жана бир топ убакыттан кийин кайтып  келген Кыргызстандын жараны менен болгон интервьюну жарыя кылды.

Манастын (аты өзгөртүлгөн) айтышынча, Луганск Элдик республикасы деп аталган аймакта 17 кыргызстандык аскерий операцияларда катышууда. Анын өзү да 27 жолу аскерий операцияларда катышкандыгын жана кийинчерээк үмүттөрү жокко чыккандан кийин артка кайткандыгын айтып өттү.

Кыргызстан жарандары россиячыл жикчилдер сабында согушуп жатканы туурасындагы бул кабар биринчиси эмес. Мындан бир аз мурда, 2015-жыл, 10-февраль күнү казак атаманынын мурдагы жардамчысы Игор Трофимов “AKИpress”ке Украина чыгышындагы жикчилдер сабында 20 кыргызстандык согушуп жатканын билдирген эле. Ал эми Кыргызстан УКМКсы андай маалыматтарга ээ эместигин билдирген болчу.

Ушул жерде табигый бир суроо пайда болот. Эмне үчүн расмий бийлик “Исламий коркунуч” же Сирияга чыгып кетип жаткандар туурасында тынымсыз кабар таркатып жатат да, расмий Украина өкмөтүнө каршы россиячыл күчтөр сабында согушуп жаткан жарандарына кайдыгер карап жатат? Акыйкатта болсо, эки абалда теӊ кыргыз жарандары колуна курал алып согушууда жана табигый түрдө аскерий тажрыйбасын ашырып келүүдө.

Кыргызстан расмий өкмөтүнүн россиячыл жикчилдер сабында согушуп жаткан өз жарандарын сезбестигине жана муну коомчулукка ашкере кылбастыкка умтулушуна Россия менен союздаштыгы себеп болуп жатабы, же муну коркунуч кылып көтөргөнү менен эч ким материалдык жардам бербестиги себеп болуп жатабы?

Мындан айырмалуу түрдө Ислам коркунучу канчалык коркунучтуу кылып көрсөтүлсө, Россия, Кытай, АКШ жана Европа мамлекеттеринен ошончо көбүрөөк жардам алуу жана бул аркылуу экономикада пайда болгон жыртыкка жамак салуу мүмкүнчүлүгү пайда болгондуктан да расмий өкмөт негизги көӊүлүн Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшкө каратууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here