АКШ Асад режиминин кулашын каалабайт

238
0

 АКШ өкмөтү, Сирияда террорчу (Исламий) топтордун Сирия бийлигин ээлеши коркунучу бар болгондуктан, Асад режиминин кулашын каалабайт. Бул тууралуу АКШ Борбордук разведка бюросунун жетекчиси Жон Бреннан билдирди.

Жон Бреннан ачык эле: “Аткарышыбыз керек болгон акыркы иш алардын (Исламий топтордун) Дамаскка жүрүшүнө жол бербестик. Эч кимибиз, Россия да, АКШ да, коалиция мамлекеттери да, регион мамлекеттери да Сирия режиминин кулашын каалабайт”, – деди.

Бреннан Нью-Йорк тышкы алакалар кеңешинде сүйлөгөн сөзүндө АКШ өкмөтү эгерде Асад режими кулай турган болсо анын ордун ким ээлешинен кабатырда экендигин ачыктап, “менимче бул орундуу кабатыр” деди.

Ал: “Ошол себептен да Сирия оппозициясы сабындагы радикал болбогон (муътадил) топторду күчөтүү маанилүү”, – деп кошумчалады.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри да Сирияда саясий өзгөрүштү пайда кылуу үчүн мамлекет президенти Башар Асад менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө мажбур экендигин билдирди.

“Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө мажбурбуз. Женева 1 конференциясы контекстинде сүйлөшүү жүргүзүү ниетинде болдук”, – деди Керри Американын “CBS News” телеканалына берген интервьюсунда.

Жон Керри Сирия кризисин токтотууга каратылган дипломатиялык жараянды кайрадан жандантуу жолдорун издеп жатканын билдирип, сүйлөшүүгө ыраазы кылуу үчүн Башар Асадга басым өткөрүүгө туура келиши мүмкүн экендигин ачыктады.

“Асаддын бул ишти кабыл алышы (сүйлөшүү столуна отурушу) үчүн аракет кылып жатабыз. Бул нерсе ишке ашуусу үчүн ага ар турдүү басымдарды өткөрүү керек болушу да мүмкүн. Бул басымдардын пайда болушуна мүмкүнчүлүк бере турган кадамдар жөнүндө баш катырып жатканыбызды адамдарга анык сүрөттөп бердик”, – деди.

Керри Асад менен өткөрүлө турган сүйлөшүү өтө маанилүү экендигине басым жасады. Анын айтымында, Сирия маселесине аскерий эмес, саясий чечим табуу керектиги жаатында бардык тараптар бир пикирде.

Бас белгилеп кетүүчү нерсе, ушул кезге чейин АКШ “Сириянын келечегинде Асад үчүн орун жок” деген позицияны карманып келе жаткан эле. А бирок, эми Асад менен сүйлөшүү өткөрүүгө мажбур экендигин ачыктап жатат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here