Кыргызстанга коркунуч “ИШИМ” уюмунанбы же Хизбут-Тахрирденби?

250
0

 2015-жылдын февраль айынан баштап күч түзүмдөрү тарабынан Кыргызстандын бардык областтарында Хизбут-Тахрир жигиттерине каршы бир катар операциялар болуп өттү. Бул операциялар бүгүнкү күндө да айрым бир областтарда уланып жатат. Хизбут-Тахрирге каршы жүргүзүлүп жаткан операцияларда Кыргызстан бийлиги ал тургай аялдарды да аябай жатат. Орган кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан операциялар маалында, үйлөрдө тинтүү өткөрүү, көчөдөн кармап кетүү аркылуу Хизб жигиттерин сотко алып кетишүүдө. Айрымдарын камакка таштаган болсо, кээ бирлеринин иши сотто каралып жатат.

 Бийликтегилер бул операцияларды өткөрүүдөн көздөлгөн максатты “Тышкарыдан бизге согушкерлер кирип келиши коркунучу бар. ИШИМ Афганистанга келди, эми Тажикстан аркылуу бизге да кирип келет. Мунун алдын алуу үчүн биз  коопсуздук чараларын күчөтүп жатабыз” деген сыяктуу сөздөр менен актоого аракет кылып көрүштү.

 Мындай расмий билдирүүлөрдөн кийин калыс мусулманда суроо  пайда болушу табигый абал. Эгерде “ИШИМ” тышкарыдан  кирип келсе жана өкмөткө коркунуч туудурса, эмне үчүн өкмөт Хизбут-Тахрирге каршы күрөштү күчөтүп жатат?

 Биз мурунку кабарларыбызда, Кыргызстан бийлиги бул иштерди тышкы мамлекеттер басымы астында, Россия же Америка сыяктуу колонизаторлордун буйругун аткарууга умтулуу жана аларды ыраазы  кылуу үмүтүндө ишке ашырып жатканын айтып өткөн элек. Кыргызстан өкмөтү тарабынан мындай буйруктардын сөзсүз аткарылышы ушуга мажбур кылып жаткан ири мамлекеттердин кызыкчылыктарына туура келет. Бирок, бул иштер Кыргызстан өкмөтүнүн зыянына чечилип жатканы өкүнүчтүү. Себеби, бул операциялар маалында орган кызматкерлери тарабынан калкка кылынган зулум жарандарда өкмөткө карата жек көрүү сезимин пайда кылды.

 Маселеге олуттуураак назар таштаган адам баамдагандай, бул ишти баштаган мамлекет башчылары Кыргызстан мамлекетине кыянат кылып жатышат. Себеби, жүргүзүлүп жаткан мындай операциялар Кыргызстандын эртеӊки күнү үчүн туруксуз чөйрө даярдап жатат жана элди өкмөткө карата тукуруп жатат.

 Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Хизбут-Тахрир жамааты болсо мусулмандар биримдигин, тынчтыгын жана Ислам кызыкчылыктарын коргоп келүүдө. Мусулмандарды Ислам динине толук бойдон амал кылууга жана ар бир иштеринде шариятка амал кылууга, айрым саясатчылардын негизсиз коркутууларына о.э. алардын провакацияларына алданбастыкка чакырып келе жатат. Бул болсо, Россия же Американын буйругун аткарамын жана ушундан киреше табамын деген чыккынчы саясатчыларга албетте жакпайт.

 Тыянак кылып айтышыбыз мүмкүн болгон нерсе, бүгүнкү күндө Кыргызстан кызыкчылыктарын ойлогон бирден-бир топ бул – Хизбут-Тахрир. Кыргызстандагы мусулмандардын кызыкчылыктарын коргой турган ушул жамаат Кыргызстан өкмөтүнө чыккынчы саясатчылардын мусулмандар үстүндө жүргүзүп жаткан жийиркеничтүү иштерин аткарууга жол бербей турган жана алардын тамагына тыгылган сөөк болуп калды. Үммөт кызыкчылыктарын коргоодо алардын кыянаттары көрүнүп калды.

 Мындай чыккынчы саясатчылар тарабынан көтөрүлүп жаткан улутчулдук, терроризм сыяктуу шылтоо жана жасалма коркунучтар Үммөттүн мүлкүн талап-тоноодо аларга мүмкүнчүлүк түзүп берүүдө. Хизбут-Тахрир болсо бул иштердин алдын алат. 2010-жылдагы Ош окуялары жана мамлекеттин түштүгүндө башаламандыктарды келтирип чыгаруу максатында өкмөт тарабынан Шайхул Ислам Рашод кары Камаловдун камакка алынышы буга даана мисал боло алат.

 Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Хизбут-Тахрир жамааты, жогоруда айтып өтүлгөн саясатчылардын кызыкчылыктарына тескери келиши же тескери келбешине карабастан, Үммөт кызыкчылыктарын коргойт жана Ислам менен жашоого даъват  кылат. Бул жолдо жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпойт жана Аллахтын ыраазылыгына жетишүү жолунда пайгамбарыбыз Мухаммад соллаллаху алайхи ва салламдын тарыйкатынан кылдай да ообогон абалда ишмердүүлүгүн улантат, инша Аллах.

Ансар Ансар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here