Кыргызстандын түштүк борбору болуп эсептелген Ош шаарында эки жаш баласы бар муслима карындашыбыз камакка алынды.
22 жаштагы Бурулай Рахманжан кызы шарттуу жаза тартибин бузуу айыбы менен 11-март күнү камакка алынып, колунда үч айлык баласы менен убактылуу кармоочу жайга камалган. Бурулай Рахманжан кызынын “айыбы” өз маалында каттоодон өтпөгөндүгү экендиги айтылууда.
Анын адвокаттарынын кабар беришинче, азыр ал үч айлык баласы менен Ош шаарындагы убактылуу кармоочу камакта жатат жана жаза-чарасын өзгөртүү боюнча соттун өкүмүн күтүп жатат.
2013-жылы Бурулай Рахманжан кызынын үйүнө ондон ашуун милиция кызматкерлери келишип жана тинтүү жүргүзүү боюнча уруксат кагазын көрсөтүп, анын үйүндө тинтүү өткөрүшкөн. Тинтүү маалында милиция кызматкерлери 23 диск жана 13 китеп табышкан. Кийинчерээк өткөрүлгөн экспертизада айрым диск жана китептерде Халифалыкты куруу туурасындагы чакырыктар бар экендиги аныкталган. Бурулайдын өзү болсо бул китептерди Куран жана араб тилин үйрөнүү үчүн мечиттен алгандыгын айткан.
2013-жылдын 27-июнунда болуп өткөн соттук отурумда сот муслима карындашыбыз Бурулайды тыюу салынган адабияттарды сактагандыкта айыптуу деп таап, бир жылга шарттуу жаза өтөөгө өкүм кылган. Өкүм күчүнө киргенден кийин Бурулай жаза аткаруу башкармалыгынын жергиликтүү бөлүмүндө каттоодо турушу жана бир айда бир жолу келип каттоодон өтүп турушу керек болгон.
Адвокаттар берген билдирүүдө: “А бирок, жаш баласы бар болгондуктан ал өз убагында каттоодон өтө албаган. Сентябрь айында бир нече жолу Жаза аткаруу мекемесине барган, а бирок, ал жер кээде жабык болсо, кээде керектүү адам оз ордунда болбогон. Ошондон кийин ал милициянын участкалык инспекторуна жолугуп, кайсы жерде жашап жатканы туурасында кабар берген жана аларга милиция кызматкери өзү кабарлап коёт деп ойлогон.”, – деп айтылат.
Белгилүү болгондой, 2014-жылдын апрель айында сот Бурулай Рахманжан кызына карата шарттуу жаза эрежелерин аткарбагандык себеби менен жаза-чарасын күчөтүп, үч жылга коллония поселение жазасын өтөөгө өкүм кылган. Бирок, Бурулай бул өкүмдөн таптакыр кабарсыз болгон жана ошол себептен улам бул өкүм боюнча арызданбаган.
Кыргызстан өкмөтү Ислам динине жана анын баалуулуктарына каршы жүргүзүп жаткан күрөшүндө эркектер эле эмес, алсыз аялдарды камакка алуудан уялбай калды. Биз мурда да 1960-жылдын 16-ноябрында төрөлгөн, экинчи топтогу майып, беш баланын энеси муслима эжебиз Кыпчакбаева Сайракан Кенжетаевнаны алты ай бою убактылуу кармоочу жайда ар кандай медициналык жардам же дары-дармексиз кармап турулгандан кийин, 2014-жылдын 10-сентябрь күнү Биринчи-Май райондук сотунда судья Субанкулов А.А төрагалык кылган о.э. прокурор Жаманкулов Э.М жана актоочу Жунусов Ж.М катышуусунда соттук отурум болуп өткөнү жана соттук отурумда Сайракан эжебиз менен бирге 1986-жылдын 17-мартында Нарын областында төрөлгөн, үй-бүлөлүү, эки жаш баланын энеси муслима карындашыбыз Орозбекова Гүлзина Качкыновнанын да иши каралгандыгы туурасында кабар берген элек.
Соттук отурумда Сайракан эже жана Гүлзина карындашыбызды Кыргызстан кылмыш кодексинин бир нече беренелери менен айыптап, тинтүү маалында алардын үйүнөн Хизбут-Тахрирге тиешелүү адабияттар менен бирге табылган “Куранды үйрөнүү”, “Балдарга белек”, “Тандалган хадистер”, “Муслималарга тиешелүү зарыл суроолорго жооптор” китептери далил зат катары көрсөтүлүп, Сайракан эжебизге карата мурунку шарттуу жазаны кошкон абалда сегиз жылга эркинен ажыратуу жазасы белгиленген болчу.
Орозбекова Гүлзина карындашыбызга биринчи жолу соттолуп жатканы жана карамагында эки жаш баласы бар экендиги эсепке алынуу менен үч жыл мөөнөткө шарттуу түрдө эркинен ажыратуу жазасы белгиленип, бир жылдык сыноо мөөнөтү дайындалган.
Мындан тышкары, 2014-жыл, 1-апрель күнү 1976-жылы 5-март күнү Жалал-Абад шаарында төрөлгөн Токтобаева Жумазия Сүйүтбековнанын Бишкек шаарындагы жашап жаткан үйүндө тинтүү өткөрүлүп, тинтүү маалында анын үйүнөн Хизбут-Тахрирге тиешелүү болгон адабияттар табылганы үчүн ал Кыргызстан кылмыш кодексинин 299 – (этникалык, диний жана улуттар аралык кастыкты келтирип чыгарууга аракет кылуу) беренеси боюнча айыптап камакка алынган эле. Кийинчерээк, 2014-жылдын 24-июнунда Биринчи-Май райондук сотунда Ибраев М.Т төрагалыгында болуп өткөн соттук отурумда Токтобаева Жумазия карындашыбызга 4 жылга эркинен ажыратуу жазасы дайындалган. Мындан бир аз мурда болсо, бүт дүйнөгө жарыя болуп кеткен Зулфия Аманованын ишинде ага карата алгач үй камагы дайындалып, кийинчерээк болсо 50 миӊ сом штраф салынган болчу.
Бийликке келгенге чейин Ноокат окуясы боюнча мусулмандардын камакка алынышын каралап, “ла илаха иллаллах деп айтканы үчүн адамдарды камакка алуу акылга туура келеби” деп таӊданган Атамбаев, Ислам жана мусулмандарга каршы ашкере күрөштө күйүп-бышкан жана бул жолдо адамдарды өлтүрүүдөн да кайра тартпаган Бакиевден да ашып түшүүдө. Же болбосо, Атамбаевдин тизгини башка күчтөр колунда болуп, алардын айтканы аткарууга мажбур болуп жатат окшойт.
Эмнеси болгондо да биз мусулман эркектер үчүн – намыс катары сакталышы важиб болгон муслима эже-карындаштарыбыздын тагдырына кайдыгер кароо – кечирилгис абал болуп, Аллахтын азабы келгенге чейин өзүбүздү оӊдоп алышыбыз, өкмөттөн кылып жаткан жана кылмакчы болуп жаткан иштери үчүн эсеп-китеп талап кылышыбыз, мындай мункар иштерде колунан кармап токтотуп калышыбыз керек.
Расулуллах соллаллаху алайхи ва саллам:
“Cилердин кайсы бириӊер бирер мункар ишти көрсө, аны колу менен өзгөртсүн, эгерде колу менен өзгөртүүгө кудуреттүү болбосо тили менен өзгөртсүн, эгерде ага да кудуреттүү болбосо, дилинде жаман көрсүн. Бул болсо, ыймандын эӊ алсызы”, – деген.
Абдурахман Адилов
Хизбут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн мүчөсү