Тажикстан аскерлери чегара аймагында аскердик машыгууларды өткөрүүдө

293
0

  “CA-NEWS” сайтынын кабар беришинче, тажик аскерлери жана ыктыярчыларынан турган 50 миӊдей адам Тажикстандын Афганистан менен чектеш аймагында аскерий даярдык жыйынына катышууда. Бул тууралуу Тажикстан Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирген.

 Министрлик чегарада согушкерлер менен согуш башталышы мүмкүн экендигинен эскерткен.

 Кабар берилишинче, машыгуулар Хатлон областынын аймагында 10-март күнү башталып, 14-мартка чейин уланат. Ушул жараянга аскерий самолёттор жана кургактыктагы аскерий техникалар тартылган.

 Машыгуулар “душманды курчап алуу жана жок кылуу” сценарийи боюнча жүрүп жатат.

 О.э. өкмөт тарабынан чегара аймагындагы калкты аскердик абалга даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат.

 Туркистон:

Мындан бир аз мурда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 11-25-март күндөрү биргелешкен аскердик машыгуулар өткөрүлүшүн кабарлаган болсо, бүгүнкү күнгө келип Тажикстан өкмөтү да Афганистан менен чектеш аймактарда аскерий машыгууларын баштап жибергени жана калкты да аскердик абалга даярдап жатканы белгилүү болду.

  Бул иштердин бардыгы АКШ жана Россия тарабынан көтөрүлүп  жаткан “исламий коркунуч” өз натыйжасын берип жатканын көрсөтүп турат. А бирок мунун аянычтуу жери, Борбор Азия республикаларынын жетекчилери Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү күчөтүүдө ушундан пайдаланышып, ушул аркылуу өз бийликтерин дагы да бекемдеп алмакчы болушууда. Мындан тышкары, экономикасы көтөрө алышына же көтөрө албастыгына карабастан, Россиядан аскерий техника жана курал-жарак сатып алуу аркылуу элди карыз баткагына батырып коюшууда. Белгилүү болгондой, Россия курал жана аскерий техникаларды жеткирип берүү боюнча Кыргызстан менен 1 миллиард 100 миллион долларлык, Тажикстан менен 400 миллион долларлык келишимге кол койгон жана бул нерселерди жеткирип беүүнү алда качан эле баштап жиберген.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here