Казакстан Сенатынын өкүлү Касым-Жомарт Токаев Казакстан өкмөтү Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана “Ислам мамлекети” кылып жаткан иштерден олуттуу тынчсыздана баштагандыгын жарыялады.
Сенатор ушуга байланыштуу 10-11-июнь күндөрү Казакстандын борбору Астана шаарында дүйнөлүк диндер жана улуттук үрп-адаттар маселесине арналган салттык съезд уюштурулушун билдирген.
Бул съезд 2003-жылдан бери бешинчи жолу уюштурулат о.э. анда “Ислам мамлекет” максаттарына каршы жаштар идеологиясын калыптандыруу маселелери талкууланат.