Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган Саудиянын королу Салман бин Абдулазиз менен Саудиянын борбору Эр-Рияддагы королдун сарайында жолугушуу өткөрдү. Түркия президенттигине караштуу булактан алынган маалыматка ылайык, жолугушууда саясий, экономикалык жана коопсуздук сыяктуу маселелерде эки мамлекет ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү пландары көрүп чыгылган.
Саудия королу Салман коноктордун урматына берген зыяпаттан кийин уюштурулган комитеттер жолугушуусунда эки мамлекет ортосундагы алакалар талкууланды. О.э. Сирия, Ирак, Яман, Палестина жана Мисирди өз ичине алган региондук маселелер боюнча талкуулар болуп өттү.
Эки тарап теӊ мазхабий жандашуу регионго терс таасир көрсөтүп жатканына көӊүл буруп, Сирия оппозициясына бериле турган жардам күчөтүлүшү керектигин баса белгилешти. Алардын айтымында, Сирия оппозициясына бериле турган жардам натыйжага жетише турган даражада күчөтүлүшү керек.
30 мүнөткө созулган комитеттер жолугушуусунан кийин Король Салман менен президент Эрдоган 35 мүнөт жекеме-жеке жолугушуу өткөрдү.
Саудияниын Мекке газетасы эки жетекчинин жолугушуусунан кийин Түркиянын Мисир менен алакаларында да өзгөрүш жүз бериши мүмкүн экендигин билдиришти. Газетанын жазышынча, Саудия өкмөтү тарабынан Мисир, Түркия жана Саудия катышуусунда дипломатиялык алакаларды өнүктүрүүнү көздөгөн жолугушуу уюштурулушу мүмкүн. Бирок, Түркия президенти Эрдоган Саудияга аттанып жатып, Мисир президенти менен жолугушуусу туурасында журналисттер берген суроого “Тамашалап жатат окшойсуӊар” деп жооп берген эле.
Hong Yuan nodded and said, Li, Qing, Tianling, the two of you are responsible for instigating discord and letting the Tianxuan Alliance kill each other for the so called chance where to buy cheap cytotec for sale