Президенттик башкаруу формасыбы же Рошид Халифалыкпы?

337
0

Хизбут-Тахрир – Түркия вилаяты 3-марттан 10-мартка чейин улана турган “Халифалыкты кайрадан тикелөө” жумалыгында “Президенттик башкаруу формасыбы же Рошид Халифалыкпы?” деген аталышта  конференция уюштурду. Конференция Халифалык кулатылган 3-март күнү жана Халифалыктын акыркы борбору болгон Стамбулда болуп өттү. Айрыкча, бул конференция Түркиядагы башкаруу системасы президенттик башкаруу формасына өтүшү туурасында талаш-тартыштар күчөгөн убакта өткөрүлүшү көӊүл бурууга арзыйт. Ошол себептен улам жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү бул конференцияга жетип келишти.

Конференцияга Түркиянын өзүнөн жана чет өлкөдөн келген өтө көптөгөн  коноктор катышты. Конференцияга келген адамдардыны көптүгүнөн конференция үчүн белгиленген маданият борборунда жүздөгөн адамдар орун жетишпестен тик турган абалдарында катышышты.

Курани Карим кырааты менен башталган конференция Хизбут-Тахрир амири улуу аалым Ато Ибн Халил Абу Роштанын куттуктоосун угуу менен уланды. Улуу аалым Ато Ибн Халил Абу Рошта Халифалыктын мусулмандар үчүн канчалык маанилүү экендигине басым жасагандан кийин, чыныгы Халифалык менен жасалма Халифалыкты ажыратып алуу керектигин баса белгиледи.

 Хизбут-Тахрирдин амири: “Чыныгы Халифалык белгисиз нерсе эмес. Халифалык Расулуллах с.а.в. баян кылып берген жана ал заттан кийин Рошид халифалар да ошол жол менен жүргөн анык-тунук түзүм болуп эсептелет. Халифалык императорлук же королдук эмес, парламенттик же президенттик башкаруу да эмес. О.э. ал Аллахтан башкасы тарабынан түзүлгөн демократия же диктаторлук сыяктуу адамдык түзүмдөрдүн эч бири эмес… Халифалык кандарды, намыстарды жана малдарды коргоп, убадага бапаа кылат. Халифалык зулум жана зомбулук менен эмес, ыраазылык жана эркин каалоо менен байъат алат. Адамдар коркуп же тынчсыздануу менен эмес, ишеним менен ал тарапка өтүшөт”, – деди.

Андан кийин азиз меймандардан “билим жана маданият изилдөөлөр” фондунун жетекчиси Мехмет Памак, “Мазлум-Дер” коомунун жетекчиси Жунайт Сарияшар, “Имкон-Дер” коомунун жетекчиси Мурат Озер, “Калем-Дер” коомунун жетекчиси Ахмет Калкан жана Хизбут-Тахрирдин борбордук басма сөз бөлүмүнүн мүчөсү өзбекстандык Ислам Абу Халилдер Халифалыктын мааниси жана аны кайрадан тикелөө керектиги жөнүндө кыскача билдирүү беришти.

Массалык маалымат каражаттарынын күзөтүүсү астында өткөн конференцияда Махмуд Кар, мисрдик инженер Шариф Зайид, Мухаммад Ханафий жана ливандык Ахмад ал-Касостор кезеги менен сөз сүйлөштү. Иорданиялык доктор Ияд Кунайбий болсо мамлекеттен чыгууга уруксат берилбегендиктен, конференцияга түз эфирде байланышып пикирлерин билдирди. Конференция Абдуллох Имам уулунун көз жаштарды сел кылып агызган дубасы менен аяктады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here