Кыргызстан бийлиги Хизбут-Тахрирге каршы маалыматтык чабуул алып барууда

375
0

 Туркистон:

 Кыргызстан милициясы Орто Азияга таанымал улама Рашод кары Камаловду камакка алгандан кийин, мамлекетте өз таасир чөйрөсүн дагы да күчөтүү максатында Хизбут-Тахрирге каршы маалыматтык чабуулдарды уюштуруу кампаниясын баштап жиберди. Алар Хизбге эч кандай тиешеси болбогон Рашод Камаловду мамлекеттик телевидениелер аркылуу ачык эле “террорист жана экстремист, Хизбут-Тахрир лидерлеринен” деген билдирүүлөрдү тарката башташты. Анын үйүнөн курал-жарактар чыкканы туурасындагы жана өрттөп жиберүүгө аракет кылынып жаткан китептер чагылдырылган кадрларды көрсөтө башташты.

 9-февраль күнү Рашод кары менен бир мезгилде бир катар Хизб мүчөлөрү да өз үйлөрүнөн камакка алынганы жөнүнө кабар таркатылды. Алардын дээрлик бардыгынын үйлөрүнөн белгилүү бир өлчөмдө экстремисттик багыттагы китептер, DVD дисктер, ок атуучу аӊчылык куралдары тартып алынганы туурасында билдирүү жана кабарлар таркатылууда.

 Көӊүл бура турган жери, бул кабарлардын баары айрым үйлөр шектелүү менен текшерилген жана “экстремисттик маанидеги адабияттар” адамдардан тартып алынган күнү же эртеси күнү телевидение жана маалымат каражаттары аркылуу таркатылууда. Кыргызстандын расмий маалымат каражаттары соттун өкүмүсүз же белгилүү расмий чиновник жана эксперттердин, ал тургай жасалма болсо да, өздөрүнүн эксперттеринин тыянагын да күтүп отурбастан, тинтүүнүн натыйжасында экстремисттик далилдер табылды деп кабар берип жатышат.

 Кийинчерээк болсо, тартып алынган DVD дисктер жаш балдардын мультфильмдери же кинофильмдер экендиги, китептердин көпчүлүгү Куран жана Хадис китептери экендиги эксперттер тарабынан аныкталууда. Бирок, бул кабарларды маалымат каражаттары эч качан таркатышпайт. Аныгыраагы, таркатышына милиция да, өкмөт да уруксат бербейт.

 Демек, мамлекет Хизбут-Тахрирге каршы маалыматтык чабуул, ал тургай маалыматтык согуш баштамакчы. Максаты болсо, Хизбди Кыргызстан жарандарынан ажыратып алуу. Же аны элдин көз алдында согуштук аракет алып баруучу уюмдар менен аралаштырып жиберүү. Маалыматтык чабуулдун негизи мына ушул максатты көздөй алып барылууда.

 Дүйнө жүзүнө белгилүү болгондой, Хизбут-Тахрир Исламды турмушка кайтарууну өзү үчүн максат кылып белгилеген – азырынча – бирден-бир исламий, мабдаий саясий уюм. Хизб пикирий вужуд катары өз максатын көздөй дүйнөнүн дээрлик жарымында ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.

 Хизб тарыхында ыӊгайлуу абалдардан пайдаланып, экстремисттик (белгилүү бир абалдар пайда болгондо өз акыйда, дастур же принциптеринен баш тартып, кырдаалдан пайдаланып алуу) аракеттерине берилип кетүү абалы жүз берген эмес. Мындан кийин да Хизб пикирий вужуд катары, ал тургай, Халифалык мамлекетинин көлөкөсү астында да, бирер маддий (материалдык) ишмердүүлүккө киришүүнү өзү үчүн шариятка тескери иш деп билет.

 Кыргызстандын өзүн ала турган болсок, 2005-жылдагы Акаев режиминин кулатылышында да, 2010-жылдагы Бакиев режиминин кулашында да Хизбут-Тахрир үчүн өтө ыӊгайлуу учурлар пайда болгонун кыргыз элитасы өтө жакшы билет. Ошол кезде Хизбут-Тахрир партиясы ээ болгон кубаттын жарымына да ээ болбогон күчтөр бийликти кулатышкан эле. Эки жолку бийликти кулатуу иштери экстремисттик көрүнүштө ишке ашырылды. Муну ал тургай Текебаев жана дагы бир катар саясатчылар эфир аркылуу моюнга алышкан т.а. моюнга алууга мажбур болушкан эле.

 Мамлекетти таштап качууга мажбур болгон режимдер артынан өтө чоӊ саясий боштук пайда болгон эле. Ал кырдаалдан дээрлик бардык күчтөр өз максаттары жолунда пайдаланышты. Ал тургай, кээ бир күчтөр тарабынан талап-тоноо үчүн атайын шарттар түзүп берилди. Мамлекеттин ошол кезде таркаткан статистикалык маалыматтарына ылайык, 30 миӊ колдоочуга ээ болгон Хизбут-Тахрир мүчөлөрүнүн бири да бул арам мал-дүйнө жана кызматтардан пайдаланып калуу иштерине аралашкан жок. Өкмөт тарабынан да бул тууралуу бирер факт болгон эмес. Хизб өз кубатын бирер заман же мекенде, өзү үчүн маддий кызыкчылык пайда кылуу үчүн жумшаган эмес.

 Кыргыз мамлекетчилиги Хизбут-Тахрир менен күрөшүү аркылуу кандай абалдарга дуушар болушу мүмкүн!

 Кыргыз мамлекети Ислам жана мусулмандарга каршы күрөш майданын ачууга аракет кылып көрдү. Бирок, коомчулуктун пикири аларга бул күрөштө ийгиликке жетише албастыгын түшүндүрүп койду. Себеби, кыргыз коомчулугу өтө тез көрүнүштө исламийлешип барууда. Ошондуктан да мамлекет тарабынан диний уюмдарга карата концепсия иштеп чыгуу долбоору көтөрүлдү жана кыска убакыттын ичинде ошондой концепсия иштеп чыгылды. Коопсуздук жыйындары жана өлкө аймагында үгүттөө иштерин жүргүзгөн атайын комиссиялар аркылуу коом жана андагы исламий чөйрө текшерип чыгылды. Алар, жетип келген тыянактарга ылайык, коом Хизбут-Тахрир тарабынан исламийлешип бара жатканы туурасындагы пикирдин айланасында биригишти.

 Ошондон кийин, Хизбге каршы күрөшүү үчүн бүт коомчулуктагы кызмат жана комитеттерди бириктирүү иштери жүргүзүлө баштады. Алардын алдына бир гана проблеманы т.а. Хизб жамааты жана ал көтөрүп чыгып жаткан Ислам идеологиясынын таасирин коомдон сүрүп чыгаруу маселесин коюшту. Бул үчүн болсо коомдун алдында Хизб мүчөлөрүнүн кадыр-баркын кетирүү керек болчу. Ушундан келип чыгып, Хизбге каршы маалыматтык согуш башталды.

 Бирок, бул күрөш Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөгөндөн келип чыккан атайын долбоор негизинде эмес, тескерисинче, тышкы “үчүнчү күч” өкүлдөрүнүн талап жана көрсөтмөлөрү негизинде болуп жаткандыктан, Кыргызстандын мыйзамдарына тескери жана кээде мыйзамсыз ыкмалар менен жүрүп жатат.

 Мамлекеттүүлүктүн негизи мыйзамдуулукка болгон этибар менен өлчөнүшүн эсепке ала турган болсок, Кыргыз мамлекети өз калкынын мурасы болгон Ислам баалуулуктары жана мусулмандарга каршы куфр кызыкчылыктары жана баалуулуктарын коргоо негизинде аракеттениши мамлекеттүүлүктүн жок болуп кетиши коркунучун пайда кылат. Өз кезегинде мамлекеттен зулум көрүп жаткан күчтөр да мамлекеттин алсыз тараптарын издей баштайт. Бүгүнкү күндө Кыргызстан бийлигинен проблема табуу анчалык кыйын иш эмес.

 Бийлик өз мыйзамдарын тебелеп-тепсеши маселеси да өтө олуттуу проблемаларга алып барат. Мында мамлекет жетекчилигине карата  ичкериде да, тышкарыда да ишенбөөчүлүк пайда болот. Акырындап мыйзам бузуулар коррупцияны күчөтүп, мыйзамсыз аракеттер бардык тармактарды камтып алат.

Кыргыз өкмөтү “үчүнчү күчтөр”дөн өзүнүн акысын талап кылышы керек!

 Жакынкы күндөрдө Кыргызстан өкмөтүн жумушсуздук жана жумушсуздарды убактылуу пособие менен камсыздоо проблемасы күтүп турат. Кыргызстан өкмөтү жарандарын бул пособие менен камсыздай албайт. Бирок, биз жарандар баары бир өз акыбыз болгон пособиени суроого мажбур болобуз. Шарт ошого карай бара жатат. Өкмөт болсо өз кезегинде бизди сырьё базасы катары кармап келе жаткан, өнөржайды өнүктүрүүдөн бизди тосуп, өздөрү өнөржай менен өтө бай мамлекеттерге айланган о.э. өз жарандары үчүн минималдык жашоо деӊгээлинде жумушсуздук пособиелерин төлөп келе жаткан чоӊ-чоӊ, бай донор мамлекеттерден биз үчүн да пособие төлөшүн талап кылышы керек. Себеби, алар дүйнөнү саясий жана экономикалык жактан глобалдаштырып жатып, резолюцияларга жана агрардык мамлекеттерди минималдык жашоо деӊгээлинен төмөндөтпөй кармап туруу жөнүндөгү мыйзамдарга кол коюшкан.  Биздин акыларыбызды өздөштүрүп жатып алар моюндарына алган милдеттер бар.

 Демек тыянак кылып айта турган болсок, проблема мусулмандар менен кыргыз өкмөтү ортосунда эмес. Алардын экөө теӊ ар тараптуу алдан тайып бара жатат. Проблема алар мындай абалдан кутулуу үчүн бириге албай, тескерисинче, эки тарап теӊ куфр системасынан жардам күтүп отургандыгында. Куфр системасын негиздөөчүлөр болсо, өз  кызыкчылыктары жолунда бизди бири-бирибиз менен убара кылып коймокчу. Биринчиден, элге каршы диктатор режимдерди пайда кылып, ошол өкмөттөр жардамында мусулмандарды эзүүгө аракет кылышса. Экинчи тараптан элди жана мусулмандарды бул өкмөттөргө каршы багыттап, алардын үстүндө ар түрдүү ынкылаптар аталышы астында бийлик алмаштырууну уюштурушат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here