“Кумтөр” маселеси маанилүү бойдон калууда

288
0

  Өткөн аптада болуп өткөн парламенттик жыйында Жогорку Кеңештеги үч фракция “Кумтөр” маселесин чечүү үчүн бир ай мөөнөт берип, эгерде ушул мөөнөттүн ичинде бул маселе чечилбесе өкмөт отставкага кетиши жөнүндө эскертишкен эле. Ал жыйында парламент депутаттары өкмөттөн Канадага караштуу “Centerra Gold Inc” компаниясы пайдаланып жаткан “Кумтөр” кениндеги Кыргызстандын үлүшүн 70 пайызга жеткирүүнү, же “Кумтөр” кенин улутташтыруу маселесин чечүүнү талап кылышкан эле.

 Кыргызстан парламенти “Кумтөр” маселесин кайра козгогондон бир апта өтпөй Канада соту “Centerra Gold Inc” компаниясындагы Кыргызстанга тиешелүү болгон 6,5 миллион даана акцияны камакка алуу туурасында өкүм чыгарды. Канададагы Онтарио жогорку сотунун мындай өкүм чыгарышына латвиялик ишкер Валерий Белокондун арызы себеп болгону айтылууда.

 Өткөн 2014-жылдын 24-октябр күнү Париж арбитраждык соту Белокондун арызы негизинде кыргыз өкмөтү ишкерге 16,5 миллион доллар төлөшү туурасында өкүм чыгарган эле. Мына ошол өкүмдүн негизинде Канада соту акцияларды убактылуу тоӊдуруп туруу боюнча токтом кабыл алды.

 Мындан тышкары, өткөн жылдын 14-октябрында “Stans Energy” компаниясынын доо арызы негизинде Канаданын Онтарио соту “Кумтөр” ишканасындагы Кыргызстандын 60 пайыздык же 47 миллион даана акциясын камакка алган эле. Кыргызстандын “Centerra Gold Inc” компаниясында 33 пайыз үлүшү бар болуп, бул жалпы эсепте 77 миллион 400 миӊ даана акцияны түзөт. Алгачкы 47 миллион даана акцияга Белокондун арызы боюнча камакка алынган 6,5 миллион акцияны кошуп эсептесек, учурда 53,5 миллион даана акция Кыргызстан үчүн пайдасыз болуп калууда.

  Туркистон:

АКШ башчылыгында түзүлгөн Бириккен улуттар уюму жалаӊ гана ири мамлекеттердин кызыкчылыктарын коргоочу ар түрдүү эл аралык мыйзамдарды кабыл алуу менен Кыргызстан сыяктуу “үчүнчү дүйнө” мамлекеттерин саясий, экономикалык жактан көз карандылык жана жакырчылыктан башын чыгарбоого о.э. бул мамлекеттерди сырьё базасы катары кармап турууга кызмат кылып келет.

 Кыргызстан өкмөтү да эгемендүүлүккө жетишкен жылдары ири мамлекеттер ажыраткан арзыбаган жардам акчаларын алуу үмүтүндө ушундай эл аралык мыйзамдардын маани-маӊызына карабастан, туш келген эл аралык келишимдерге кол коё берген эле. Бүгүнкү күнгө келип ошол келишимдер “түшүмүн” берип жатат.

 “Кумтөр” алтын кени боюнча түзүлгөн келишим да Кыргызстан өкмөтү кетирген каталардын бири болуп, бүгүнкү күнгө чейин бул келишимдин таасиринен кутула албай келүүдө. Мындан тышкары, дагы башка бир катар компаниялар Кыргызстандын үстүнөн эл аралык сотторго кайрылышынын артынан кыргыз өкмөтү  чет өлкөлүк компанияларга 1 миллиард доллар штраф төлөшү туурасында өкүм чыгарылган.

 Кыргызстан өкмөтү эле эмес, колонизатор мамлекеттер зулуму астында эзилген исламий өлкөлөр үчүн бул проблемалардан кутулуунун бирден-бир жолу – батыл капиталисттик түзүм кишендерин үзүп таштоо, колонизатор мамлекеттер тарабынан коюлган ар кандай эл аралык мыйзамдарды четке кагуу жана мындай батыл түзүмдүн ордуна бардык адамзатты кадыржамдык жана жыргалчылыкка алып чыгуучу Халифалык мамлекетин тикелөө.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here