Акыркы кездерде Кыргызстан бийлиги тарабынан Ислам жана мусулмандарга карата жүргүзүлүп жаткан саясат элдин арасында бир нече багыттар негизинде үгүттөлүшү үчүн атайылап өнүктүрүлүүдө. Бул нерсе кыргыз мамлекети үчүн кандай кырдаалдарды алып келиши мүмкүн?
Расмий бийлик коомго сиӊдирүүгө аракеттенип жаткан биринчи пикир: “Исламий радикализм өтө күчөп барууда, ал керек болсо кыргыз улутуна жана анын баалуулуктарына коркунуч туудура баштады. Ага каршы улуттук идеологиябызды көтөрүп чыгышыбыз керек”, – деген пикир болууда.
Бул максатка жетишүү үчүн алар кыргыз улутчулдугуна негизделген улуттук элитаны ишке салышты. Аларга телевидение эфири кеӊири ачып берилди. Натыйжада алар кыргыз улуту арасында – кеӊири көлөмдө болбосо да – мусулмандарга каршы коомдук пикирди пайда кылууга салымдарын кошууга аракет кыла башташты.
Башка бир багыт боюнча “өкмөт диний радикализмге каршы кескин чараларды көрүшү керек” деген пикирди тарката баштады.
Бул пикир негизиндеги багытты өнүктүрүүдө да жогорудагыдай эле, коомдук пикирди Сириядагы абалга каратып, Кыргызстан жарандары Сириядагы жихадга катышуу үчүн чыгып кетип жаткандары жана алар Сирияда атайын даярдыктардан өтүп, Кыргызстанда жихадий уюмдарды пайда кылуу максатында кайтып келип жатышканы туурасында пикир тарката башташты.
Жогорудагы багыттар негизинде жүргүзүлгөн аракеттер Кыргызстан жарандарын бир нече пикирий бөлүнүүлөргө алып келди. Кыргызстандын башка улуттагы жарандары өздөрүн кыргыз улуту тарабынан кемсинтилип жаткандай сезип жатышат, натыйжада аларда коомдун бейпилдиги жолунда аракет кылуу туйгусу өчүп барууда. Себеби, улуттук идеология Кыргызстанда кыргыз улутун гана коргой алат жана бул улуттун тилин, үрп-адатын, баалуулуктарын, тарыхы жана маданиятын алдыга коюп, башка улуттун өкүлдөрү үчүн мындай мүмкүнчүлүк түзүп бере албайт. Тескерисинче, улуттук идеология өз табиятына ылайык, башка улуттук сакафаттарды коомдон сүрүп чыгарууга аракеттене берет. Бул болсо, улуттар аралык кескиндиктерди күчөтүп бара берет.
Исламий туйгулары күчтүү болгон жарандар расмий өкмөт бара жаткан багыттардан Өзбекстан жана Казакстан сценарийлери башталып жатканынан кооптоно башташты. Бул катмардын өкүлдөрү улуттук идеологиядан таасирленишпейт. Бирок, алар Ислам жана мусулмандарга каршы атайын уюштурулуп жаткан жалаа жана жасалма операцияларды көрүп, ишенимде өздөрүн кемсинтилип жаткандай сезе башташты. Алардын кээ бирлери радикалдашып мухажирликке карай жол тартса, кээ бирлери ушул жерде өкмөткө карата ишенимсиздик позициясын карманып алышты. Мамлекеттик кызматтарда болгон исламий кызматкерлер да оор абалга кептелип калышкан. Алардын кээ бирлери тили менен дили башка адамдарга окшоп калышты. Дагы бир бөлүгү саясий жана коомдук иштерден четтей башташты.
Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери болсо өздөрүнө көз каранды болуп калган диний жетекчилерди өздөрүнүн ыпылас кылмыштарына шерик болууга мажбурлап жатышат. Өкмөт болсо аларды жийиркеничтүү жана жалаа үстүндө жүргүзүп жаткан операцияларына шаръий түс берүүгө үндөп, мусулмандарды чалгытууга катуу мажбурлап жатат.
Алар каалагандай жүрүүгө ыраазы болбогон жана өкмөт тарабынан көтөрүлүп жаткан жогорудагы сыяктуу бузук пикирлерге тоскоолдук кылышы мүмкүн болгон Рашод кары Камаловду камакка алышты. Ал кишинин позициясы бүтүндөй башкача болуп турат эле. Ал коомдо болуп жаткан ар кандай абалда да өзүн четке алып качкан жок. Бизге жетип келип жаткан кабарларга ылайык, Рашод кары ал тургай камакта да даъват иштерин активдүү жүргүзүп жатат. Ал киши Кыргызстан жана Орто Азияда эле эмес, андан да кеӊири региондо таасирге ээ болгон уламалардан болгондуктан, аны коомубуздан убактылуу бөлүп турууга токтом кылышты.
Бирок, чыныгы күрөш адамдарга каршы багытталган эмес. Тескерисинче, Ислам идеологиясына жана ушул идеологиядан таасирленген мусулмандардын ишмердүүлүгүнө чек коюу көздөлгөн. Кыргызстанда коомду Ислам идеологиясы негизинде тарбиялоо иши негизинен Хизбут-Тахрир жамааты тарабынан жүргүзүлүп жаткандыктан, күрөштүн негизи Хизб ишмердүүлүгүнө жана анын мүчөлөрүнө каршы каратылган. Бирок, Хизбут-Тахрирдин ишмердүүлүгүндө мыйзамсыз аракеттер болбогону, анын ишмердүүлүгү пикирий жана саясий күрөшкө гана чектелгендиги себептүү өкмөт ага каршы мыйзамдуу иш-чараларды жүргүзө албайт. Ошол себептен улам Кыргызстан бийлиги да өзбек бийлиги сыяктуу исламий согушкерлер коркунучун жасалма пайда кылуу аркылуу Хизбут-Тахрирди бутага алды. Бул албетте Кыргызстандан тышкарыдагы күчтөр тарабынан уюштурулган жана багытталып жаткан иштер эле. Бирок, кыргыз бийлиги бул иштерде өзү үчүн кандайдыр бир кызыкчылык бар деп ойлоп, алгач катуу жана активдүү аракет кылды. Бирок, Кыргызстанда жакында күтүлүп жаткан парламенттик шайлоо о.э. жалпы саясий жана экономикалык оор абалдар элдин нааразылыктарына себеп болушу мүмкүн экендиги бийлик өкүлдөрүн бир аз ойлонтуп койду. Саясий элита арасында жарака кетиши мүмкүн болгон кооптуу абал жүз бере баштады.
Расмий бийлик алысты көрө албастан кылган аракеттери натыйжасында жүз берген ушул абалдан эл аралык саясий күчтөр жана кээ бир жергиликтүү партиялар шайлоонун алдындагы үгүттөө иштеринде өкмөт жана ага караштуу партияларга каршы пайдаланууга катуу аракет кылышат. Бул да мамлекеттин коопсуздугу үчүн кошумча дагы бир проблемаларды пайда кыла турган, жогорудагы проблемаларга кошумча кооптуу абалдарды пайда кылышы мүмкүн болгон дагы бир абал болду.