Тажикстанда парламенттик шайлоо болуп өттү

327
0

  Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Шремухаммад Шохиёндун кабар беришинче, Тажикстанда 1-март жекшемби күнү болуп өткөн парламенттин төмөнкү палатасынын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо болуп өткөн деп эсептелет.

 Анын айтымында, шайлоо укугуна ээ болгон жарандардын 74,33 пайызы шайлоого. Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, жалпы шайлоочулардын 50 пайызы катышкан болсо, шайлоо болуп өткөн деп эсептелет.

 “Тизмеге кирген 4 миллион 318 миӊ шайлоочудан 3 миллион 210 миӊи жергиликтүү убакыт менен саат 15:00гө чейин добуш берип болду, бул болсо шайлоочулардын жалпысынын 74,33 пайызын түзөт”, – деди Шремухаммад Шохиён.

 Добуш берүүнүн алгачкы натыйжалары дуйшөмбү күнү эртелеп кабарланат.

  Тажикстанда болуп өткөн парламенттин төмөнкү палатасындагы 63 орун үчүн сегиз партиядан 300гө

жакын талапкер ат салышты. Бул шайлоодо Элдик-Демократиялык партия, Коммунистик партия, Тажикстан Ислам Ойгонуу партиясы, Социал-Демократиялык партия, Агрардык партия, Демократиялык партия жана Экономикалык Реформалар партиясы катышты.

 Белгилүү болгондой, бул партиялардын бардыгы демократиялык көз караштар негизинде пайда болгон болуп, алар адам мыйзам чыгаруу укугуна ээ деп эсептешет. Адамдын чектүү акылынын натыйжасы болгон демократиялык мыйзамдар адамзатты бүгүнкү бактысыз жана оор жашоого алып келгени эч кимге жашыруун эмес. Өкүнүчтүүсү, Батыш сакафаты жана бул колонизатор мамлекеттер тарабынан колдоп-кубатталып жаткан диктатор акимдер зулуму астында мусулмандар бул ачык акыйкатты көрө албай жатышат жана азыркыга чейин батыл түзүм мыйзамдары астында жашоого мажбур болуп жатышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here