Түркия тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Танжу Билгич Сирия оппозициясы үчүн аскерий машыгуудан өткөрүү программасы 1-марттан баштала тургандыгын билдирди.
Танжу Билгич апталык маалымат жыйынында журналисттердин ушул темага байланыштуу суроолоруна жооп берди.
Аскерий машыгуу туурасындагы маалыматка тиешелүү суроолорго жооп берген Билгич, АКШ менен аскерий машыгуу келишимине кол коюлгандан кийин берилген билдирүүнү тилге алып, техникалык маалыматтар туурасында бирер нерсе айта албастыгын билдирди.
“Сирия муътадил оппозициясын аскерий машыгуудан өткөрүү 1-марттан баштала тургандыгын айта аламын. А бирок, техникалык маалыматтар темасында сиздерге эч нерсе айта албаймын”, – деди Билгич.
АКШ коргоо министрлиги (Пентагон) март айында баштала турган Сирия оппозициясын аскерий машыгуудан өткөрүүгө 1200 сириялык тандап алынгандыгын жана бул адамдарды текшерүүдөн өткөрүү жараяны уланышын билдирди.
Пентагондун маалымат катчысы Жон Кирби өзү уюштурган маалымат брифингинде: “Тандап алуу мыйзам-эрежесине ылайык, учурда аскерий машыгууга катышуу үчүн 1200 адам белгиленгендигин айта аламын”, “Бул топтордун кээ бирлери туурасында анык маалыматка ээ болгон Түркия сыяктуу мамлекеттер бар. Алар бизге тандап алуу жараянында жардамчы болушту”, – деди.
Сирия оппозициясын аскерий машыгуудан өткөрүү боюнча келишимге Түркия тышкы иштер министрлигинин кеӊешчиси Феридин Синирлиоглу жана АКШнын Анкарадагы элчиси Жон Басс тарабынан кол коюлду. Кол коюу ырасымынан кийин Феридин Синирлиоглу бул аракет эки мамлекет ортосунда маанилүү кадам экендигин баса белгиледи.
“Ортодо дагы көп жолу кол коюлат. Кошуна аймактарда жана дүйнөнүн түрдүү жерлеринде өтө башаламан кырдаалдар жүз берүүдө. Ошол себептен улам биргеликте ишке ашырып жаткан ишмердүүлүгүбүздө өзгөрүш жасашыбызга толук ишенемин”, деди Синирлиоглу.
АКШ элчиси кол коюу ырасымына катышкандарга ыраазылык билдирип, бул кадамды таштоодон кубанычта экендигин билдирди.
АКШ элчиси: “Биргеликте иш алып барып жаткан соӊ, ар дайым күчтүү болуп кала беребиз. Бизге шериктигибизди күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берген ар бир расмий келишим бизди да, регионубузду да жакшы абалга алып барат. Бул башталгыч чекити экендиги жана аткара турган иштерибиз көп экендиги туурасында сиздин пикириӊизге кошуламын”, – деди.