Москвада Борис Немцовду атып кетишти

265
0

  28-февралга караган түнү Кремлге жакын жерде белгилүү оппозициялык саясатчы, 55 жаштагы Борис Немцовду атып кетишти. Белгисиз адамдар ага карата жети жолу ок аткан жана жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон.

 Немцов “РПР-ПАРНАС” саясий партиясынын теӊтөрагасы болчу. Ал саясий ишмердүүлүгүн Нижегород областынын губернаторлугунан баштаган, Отун жана энергетика министри о.э. премьер-министрдин биринчи орунбасары болуп иштеген, Мамлекеттик думанын депутаты болгон.

 Борис Немцов Россиянын азыркы президенти Владимир Путинди сындаган саясатчылардын бири эле. Путин Немцовдун өлтүрүлүшүн буйрутма жана чагым деп атады.

 Батыш мамлекеттеринин жетекчилери Борис Немцовдун өлтүрүлүшүн каралап, Россияны ыкчам тергөө өткөрүүгө жана өлтүргөндөрдү жазалоого чакырды.

 Россия тергөө комитети бул кылмыш алдын ала пландаштырылгандыгына эч кандай күмөн жок экендигин баса белгиледи. Комитеттин билдиришинче, Немцовдун өлтүрүлүшүнөн максат Россиядагы саясий кырдаалды изден чыгаруу.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here