Түркия президенти Ражаб Таййиб Эрдоган Элазиг шаарында уюштурулган жыйында Түркия үчүн жаңы башкаруу формасы керектигине басым жасады.
Президент Эрдоган: “Дагы да тезирээк чечим кабыл алуу жана иштерди тезирээк аткаруу үчүн Түркия жаңы башкаруу системасына муктаж. Ал президенттик башкаруу т.а. жетекчилик түзүмү. Биздин байыркы мамлекетибиздин башкаруу формасы да негизинен ушундай болгон. Аталышы кандай болушуна карабастан, биз тарыхыбыздан көргөнүбүздөй, көпчүлүк элдин колдоосуна жана ыраазылыгына жетишпеген башкаруучулар мамлекеттин башында көпкө турушу мүмкүн болбогон”, – деди.
Бүгүнкү күндө Түркияда президенттик башкаруу системасы көӊүлдү бура турган даражада талаш-тартыштарга себеп болууда. Коомчулукка бул система өтө жакшы башкаруу системасы катары түшүндүрүлүп жатканына күбө болуп жатабыз. Ко-ош, чындап эле ошондойбу? Президенттик башкаруу формасынын күнүмдүк жашообузга кандай таасири бар? Андан да маанилүүсү президенттик башкаруу формасы Аллах Таала ыраазы боло турган башкаруу формасыбы? Кандай башкаруу формасы Аллах Тааланы ыраазы кылат жана күнүмдүк жашоодогу проблемаларга түптөн чечим бере алат?
Бул сыяктуу суроолорго жооп табуу жана Рошид Халифалыкты адамдардын эсине түшүрүү максатында Түркиядагы Хизбут-Тахрир жигиттери кеӊири масштабдуу конференция уюштуруп жатышат.
Иордания, Ливан жана Мисирден келе турган азиз коноктор катышуусунда өтө турган “Президенттик башкаруу формасы абзелби же Рошид Халифалыкпы” деген аталыштагы конференцияга Хизбут-Тахрир – Түркия вилаяты бардык адамдарды чакырат.
Конференцияда доктор Ахмад ал-Касос, доктор Ияд Кунайбий, Шариф Зайид жана Махмуд Кар мырзалар сөзгө чыгышы күтүлүүдө. Бул конференцияга эркектер гана катыша алат.
Конференция убагы 2015-жыл, 3-март. Саат 18:30.
Дарек: Стамбул шаары, Узкудар району, Багларбаши маданий борбору.
Байланыш үчүн телефон 0212 631 6526