Башкырстанда Хизбут-Тахрир жигиттери камакка алынды

475
0

Россиянын разведка кызматкерлери ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен кызматташтыкта  Россия Федерациясынын курамындагы Башкырстан республикасында мусулмандарга каршы операция өткөрдү. Операция маалында Хизбут-Тахрир уюмуна мүчө болгондукта айыпталып 21 мусулман жигит камакка алынды.

Камакка алынган мусулман жигиттер Россия кылмыш кодексинин 250,5 беренеси боюнча айыптуу деп табылышкан. Бул берене менен айыпталгандар өмүр бою камак жазасына өкүм кылынышы мүмкүн. Хизбут-Тахрирдин Россиядагы маалымат бөлүмү таркаткан билдирүүгө ылайык, Хизбут-Тахрир жигиттерине каратылган мындай баскынчылык жана зулумдар 10 жылдан бери уланып келе жатат. Буга 2003-жылы Россия соту тарабынан Хизбут-Тахрир уюму террорчу уюм деп жарыя кылынышы себеп болууда.

“Матар” каналына интервью берген чыгыш таануучу Алексей Малашенко Башкырстанда ишке ашырылган кеӊ көлөмдүү камакка алуулар жөнүндө сөз кылып, Хизбут-Тахрир уюмунун терроризмге таптакыр байланышы жоктугуна басым жасады.

Ал: “Мен аларды террорчу деп таптакыр айыптай албаймын. Себеби, алардын Халифалыкты тикелөө ыкмасы тынч жолдорго негизделген. Террордук операцияларга алардын эч кандай тиешеси жок”, – деди.

Буга таӊданган журналисттин: “Анда эмне үчүн Россияда бул уюмга террорчу жана радикалдык топ катары каралат”, -деген суроосуна, Алексей Малашенко: “Менимче, биздин назарыбызда бардык нерсе терроризм”, – деп жооп берди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here