Кыргызстанда Батыш кызыкчылыгын коргоо максатында маалыматтык чабуул башталды

435
0

Бисмиллахир Рохманир Рохим

Кыргызстанда Батыш кызыкчылыгын коргоо максатында маалыматтык чабуул башталды

 Башталган кезектеги чабуул да мурункулары сыяктуу эле мусулмандарга каршы багытталган болуп, Рашод кары Камаловду камакка алуу операциясы менен башталды. Рашод кары Кыргызстанда мусулмандардын жүрөгүнөн орун ээлей алган имамдардан болуп эсептелет. Ал Аллахтын ыраазылыгы жолунда жаманатты кылуучунун жаманаттысынан коркпостон жана карамүртөз күчтөрдүн ар тараптуу басымдарына карабастан Аллахтын ыраазылыгы жолунда шаръий өкүмдөрдүн ар бирин өз ордунда баяндап келди. Шаръий өкүмдөрдүн салмактуу бөлүгү бийликтегилерге тийиштүү болгондуктан, анын айткандары бийлик өкүлдөрү арасындагы динден алыс болгон батышчыл күчтөргө жакпады. Акыркы айларда коопсуздук түзүмдөрүнүн көзөмөлү астында болгон муфтият кызматкерлери тарабынан Рашод карыга карата алгач басым өткөрүүлөр жана коркутуулар болду. Андан кийин аны сатып алуу максатында, ажылык маселелериндеги пайдалуу кеӊири мүмкүнчүлүктөр убада кылынды. Рашод кары алардын бардык шарт жана сунуштарын четке кагып, ыйманын сатуудан баш тарткандан кийин, 2015-жылдын 9 февралында анын үйү тинтүүгө алынып, өзүн алып кетишти.

 Эртеси 10-февралдан баштап массалык маалымат каражаттарынын дээрлик бардыгы бир тараптуу жалган маалыматтарды тарката башташты. 5-канал:  “Имамдын үйүн тинтүү маалында Хизбут-Тахрирге тийиштүү китептер чыкты”, – десе, НТС каналы: “Курал-жарак склады табылды”, – деген кабарларды таркатты. Түпкүлүгүндө Рашод карынын үйүнөн мыйзамсыз бир да нерсе табылган эмес. “Азаттык” радиосу да Кыргызстанда диний агымдар коркунучу пайда болгону жөнүндө негизсиз кабарларды тынымсыз таркатып, бул аркылуу карапайым калк жана расмий өкмөттү коркутуп келүүдө. Эми ага Кыргызстандын маалымат каражаттары да кошулду.

 Демек, Кыргызстан Батыш маалымат машинасынын кезектеги курмандыгына айланып барууда. Маалыматтык чабуул чегине жетти деп билишери менен мусулмандар атынан провакациялык иш-чаралар башталат. Бул нерсе Өзбекстанда 16-февраль окуясы сыяктуу, уюштурулган ыпылас сценарий көрүнүшүндө болот.

 Хизбут-Тахрирдин Кыргызстан вилаяты атынан расмий түрдө билдиребиз

 Кыргызстандагы батышчыл же башка ар кандай күчтөр тарабынан уюштурулушу мүмкүн болгон ар кандай террористтик иш-чараларга каршыбыз. Биз мурункудай эле, азыр да материалдык т.а. аскерий иш-чараларды алып барууну өзүбүз үчүн шаръий жактан жайиз деп эсептебейбиз. Биз Кыргызстан калкын үчүнчү күчтөрдүн Ислам жана мусулмандарга каршы жүргүзүп  жаткан ыпылас пландарын четке кагууга чакырабыз. Анткени, бул аракеттер бизди бири-бирибизге каршы материалдык жактан каршы-коюу ниетинде жүргүзүлүп жатат. Исламий кыймылдарды да бул фитналардан сак болууга, исламий туйгуларыбызды акылыбыздан келип чыккан ыйманыбызга байлап, куфр кызыкчылыктарына жол ачып берүүчү ар кандай иш-чаралардан этият болууга чакырабыз.

 Өз кезегинде бийликтегилерге төмөнкүлөрдү эскертип өтөбүз;

 АКШ сыяктуу үчүнчү күчтөр өз кызыкчылыктары жолундагы ыпылас пландарын ишке ашырууда силерден пайдаланып жатышат. Жогорудагы долбоор Кыргызстандын кызыкчылыктарына таптакыр тескери болуп, регионду Афганистан сыяктуу бир нече куфр мамлекеттери ортосундагы согуш майданына айландыруу коркунучу бар. Силер качып кетүү менен кутула албайсыӊар. Тарыхта өчүрүүгө болбой турган жаман из калтырасыӊар. Биз силерди өз өлкөӊөр кызыкчылыгы негизинде пикирлөөгө, сунушталып жаткан бардык долбоор жана иш-чараларды кабыл алууда да Кыргызстандын кызыкчылыктары негизинде аракет кылууга чакырабыз.

Хизбут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

10.02.2015.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here