Атамбаев менен Путин Сочиде Кыргызстан-Россия мамилелерин талкуулашты

280
0

  Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев 7-февраль күнү жумушчу сапар менен Сочи шаарына барды жана ошол эле күнү Россия президенти Владимир Путин менен жолугушту

 Кыргызстан президентинин маалымат кызматынын кабар беришинче, расмий эмес жолугушуу маалында мамлекет башчылар Кыргызстан жана Россия ортосунда саясий, соода-экономикалык, финансылык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча кызматташуу маселелерин талкуулашкан.

 О.э. Алмазбек Атамбаев жана Владимир Путин көп кырдуу кыргыз-орус кызматташтыгын дагы да өнүктүрүү маанилүү экендигин баса белгилеп өтүшкөн.

Туркистон:

Май айларынан баштап Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу өкүлүнө айланат. Путин Кыргызстанды тышкы чөйрөдөн дээрлик изоляция кылып алуу менен анын Россиянын сапатсыз продукцияларына болгон муктаждыктарын күчөтүү максатын тымызын ишке ашырды. Путин дагы  Кыргызстан тышкы товар алмаштыруусунун 27% пайызын Россия менен жүргүзүп жаткандыгын айтып, келечекте бул көрсөткүч дагы да көтөрүлүшүнө басым жасады. Бул көрсөткүчтүн жогорулоосу анык. Бирок, орус продукциясынын базар экономикасындагы сапатынын көтөрүлүшүнүн натыйжасында эмес. Тескерисинче, Кыргызстан жарандарын тышкы алакалардан тыйып коюунун натыйжасында алардын жашоо деӊгээлин ого бетер төмөндөтүү менен мажбурлоо негизинде болот.

Путин Кыргызстандын Россия үчун стратегиялык мааниси туурасында да айтып өттү. Бул Россиянын саясий басымы болуп, мында  Кыргызстандын башка тараптагы кызыкчылыктарына тосмо коюу максаты көздөлгөн.

Атамбаев Путинге АКШнын максатынан тынчсызданып жатканын айтат. Ал АКШ Кыргызстанга Ричард Майлзды элчи кылып жибергендигинен тынчсызданып жатканын айтат. Путин “проблеманын чечими диний агымдарга каршы аракетти күчөтүүдө” деп уктурууга аракет кылат. Бул нерсе алардын жолугушуусунан кийин Орто Азияга белгилүү болгон имам Рашод кары Камаловду камакка алуу операциясындагы орус подчеркинде көрүндү.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here