Өзбекстанда иштеп чыгарылган электр энергиясы ички керектөөнү камсыздоого жетиштүү эмеспи?

 Өзбекстан калкы жаратылыш газы жана электр энергиясы менен камсыздоодо үзүлүүлөр болбостугуна ишенбей калды. Өзбекстан өкмөтү мейли “эгемендүүлүктүн” алгачкы жылдарында четки айылдарга чейин газ түтүктөрүн тартууга катуу көӊүл бурган болсо болсо да, тартылган бул түтүктөрдүн көпчүлүгү газ берилбей туруп кайрадан үзүп ташталган. Четки айылдардын калкы эле эмес, ал тургай шаар жана областтардын борборлорунда жашаган адамдар да үзгүлтүксүз газ жеткирип берилишин арзуу кылбай калышты. Акыйкатта болсо, Өзбекстан газ өндүрүп алуу боюнча дүйнөдө 11-орунда турат жана жылына 60-65 млрд метр.куб газ өндүрөт.

 Газ менен камсыздоодогу үзүлүү жана чектөөлөр жетишпегендей, Өзбекстанда электр энергиясына байланыштуу абал да жыл өткөн сайын оор абалга кептелүүдө. Өткөн жылдарда негизинен областтарда электр таӊкыстыгы күзөтүлгөн болсо 2013-2014-жылдарга келип бул проблема Ташкент шаарын да айланып өтпөдү. Четки айыл жана шаарларда суткасына 1-2 сааттан, бир аз “ынсаптуураак” адам жетекчи болгон жерлерде болсо 4-5 сааттан электр жарыгы берилиши адаттагы көрүнүшкө айланып калды.

  “Узбекэнерго” компаниясы шейшемби күнү жарыя кылган очётко ылайык, Өзбекстанда өткөн 2014-жылы 55 миллиард киловатт/саат электр энергиясы иштеп чыгарылган. Бул көрсөткүч 2013-жылга салыштырганда 3 пайызга көптүк кылат. 2013-жылы Өзбекстанда 53,2 миллиард киловатт/саат электр энергиясы иштеп чыгарылган. Расмий кабарларга ылайык, Өзбекстандын электр энергиясын иштеп чыгаруу жөндөмү жылына 56-57 миллиард киловатт/саатка барабар.

 Ко-ош, Өзбекстанда иштеп чыгарылып жаткан электр энергиясы ички керектөөнү камсыздоого жетиштүү эмеспи?

 Өзбекстан президенти Ислам Каримов 2013-жылдын 22-23-ноябрь күндөрү болуп өткөн Азия күн энергиясы форумунун алтынчы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө “Өзбекстандын электр энергияга болгон талабы 2030-жылга барып 2 эсеге көбөйүшүн жана 105 миллиард киловатт-саатты түзүшүн” айтып өткөн эле.

 Мындан келип чыгып айтуу мүмкүн болгондой, Өзбекстандын учурдагы электр энергияга болгон талабы 52,5 миллиард киловатт-саатты түзөт. “Узбекэнерго” компаниясы болсо 2014-жылы 55 миллиард киловатт-саат электр иштеп чыгарганын кабарлап жатат. Демек, Өзбекстан калкы күнү-түнү үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыздалган күндө да иштеп чыгарылган электр энергиясы ички керектөөдөн 2,5 миллиард киловатт-саатка көптүк кылууда.

 Мындан болсо, Өзбекстанда өндүрүлүп жатган миллиарддаган куб. метр газды ички керектөөгө жумшоонун ордуна тышка сатып жиберип жатканы сыяктуу, электр энергиясы да жарыя кылынбаган келишимдер боюнча тышка сатылып кетип жатканын түшүнүү эч кимге кыйын болбосо керек?

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

7 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago