Германия Термиз авиабазасынын ижара мөөнөтүн узартты

 “CA-NEWS” сайтынын кабар беришинче, Германия тарап Термиздеги авиабазанын ижара мөөнөтүн узарткандыгын Германиянын Өзбекстандагы элчиси Найтхарт Хёфер-Виссинг тастыктаган.

 Ташкентте журналисттер менен болгон жолугушууда элчи:  “Эл аралык коалициялык күчтөрдүн Афганистанга кирип барышы менен башталган кызматташтыкты узарттык. Бүгүнкү күндө бул жааттагы иштерди улантып жатабыз. Менин оюмча, бул кызматташтык эки тарап үчүн теӊ пайдалуу болуп калат”, – деп баса белгилеген.

 Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан баштап коопсуздукка жардамдашуучу эл аралык күчтөр (ISAF) Афганистандагы миссиясын расмий түрдө аяктаган. Анын ордуна НАТО “Катъий жардам колдоп-кубаттоо” миссиясын баштап жатат. Ушул миссия алкагында 40 мамлекеттен 12,5 миӊ аскерий кызматкер Афганистан коопсуздук күчтөрүн  даярдоо жана аларга консультация берүү менен алектенет.

 Миссияга катышуу үчүн Германия тарабынан болжол менен 850 аскерий кызматкер бөлүнөт. Миссияны ишке ашыруу маалында Бундесвер Термиздеги авиабазадан  пайдаланат. Бул туурасындагы келишимге 2014-жылдын 1-сентябрь күнү Ташкентте кол коюлган.

 Туркистон:

Президент Ислам Каримов Өзбекстандын аймагында эч кандай аскерий базалар болбостугу жана эч кандай аскерий блокторго кошулбастыгы жөнүндө тез-тез кайталашына карабастан, акыркы кездерде Россия жана Батыш маалымат каржаттары тарабынан көбүртүп көрсөтүүгө аракет кылынып жаткан “Ислам мамлекети” коркунучу Каримовдун эле эмес, кошуна мамлекет башчыларынын да тынчын алып койду.

  Себеби, АКШ өкмөтү Афганистанда көптөгөн жылдардан бери жүргүзгөн баскынчылык согушу натыйжасында бирер натыйжага жетише албагандай болуп көрүнсө да, түпкүлүгүндө, Афганистандагы куурчак өкмөт менен Талибан кыймылы ортосунан чыгып кетүүгө жетишти жана коопсуздук маселесин жергиликтүү аскерийлер колуна тапшырып аскерий операцияларда түздөн-түз катышуудан кутулуп кете алды.

 АКШ үчүн үлкөн каражат жана аскерий жоготуулар акысына жетишкен азыркы абалынан баш тартып, Афганистанды таштап чыгып кетүү пайдалуу эмес. АКШнын Афганистанда калышы үчүн эң ыӊгайлуу жол болсо, чыгып кетүү жолдору болгон аймактарда башаламандык келтирип чыгаруу. Түштүк багыты болуп эсептелген Пакистан “Талибан” кыймылынын тынымсыз чабуулдары себептүү ансыз да тынч болбой жатат. Ошондой болгон соӊ түндүк багыты болгон Борбор Азия республикаларында да башаламандык пайда кылуу үчүн АКШ “Ислам мамлекети” уюмунан курал катары пайдаланып жаткан болушу мүмкүн.

turkistonkg

Recent Posts

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады

Министрлик мамлекеттик мейманканаларда казино ачууну сунуштады Экономика жана коммерция министрлиги мамлекеттик мейманканалардын ичинде казино жана…

7 hours ago

Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Ирандын яхудий вужудуна соккусу канчалык олуттуу  Устаз Асъад Мансур Ар кандай…

2 days ago

Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Яхудий вужуду Газадагы каршы ырайымсыз согушта 902 үй-бүлөнү бүтүндөй жок кылды…

2 days ago

Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Мусулман армиялары яхудий вужудун жок кылууга кудуреттүү  Устаз Ахмад Таий –…

2 days ago

Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Хасан Насруллахтын өлтүрүлүшү боюнча кыскача  Мухандис Муждий Али 2024-жылы 27-сентябрда Нетаняху,…

2 days ago

Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя кылды

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ Нетаняху диний согуш алып барып жаткандыгы менен мактанып, Ишаянын башаратын жарыя…

2 days ago