Россия тарабынан аннексия кылып алынган Крым жарым аралынын Севастополь шаарында өткөн жума күнү федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) кызматкерлери тарабынан 20дан 30жашка чейинки үч мусулман жигит камакка алынган эле.
“Krım.Reali” маалымат агенттигине интервью берген адвокат Эмил Курбединовдун билдиришинче, камакка алынган жигиттер Россияда 2003-жылы тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” уюмуна мүчө болгондукта айыпталышууда. Тергөө иштерин жүргүзүү үчүн бул жигиттерди эки ай мөөнөткө камакта кармап туруу чечими чыгарылган.
Адвокаттын билдиришинче, камакка алынган жигиттердин үстүнөн “Террордук топту түзүү жана ага мүчө болуу” деген айыптоого ылайык тергөө иштери жүрүп жатат. Мындай кылмышка тиешеси барлар Россия конституциясында белгиленген мыйзамга ылайык, 15 жылдан 20 жылга чейинки камак жазасына өкүм кылынышат.
Адвокат Курбединов Крым жарым аралы Украина курамында болгон кезде да кээ бир адамдарга карата жогорудагы айыптар коюлгандыгын билдирди. Бирок Курбединовдун айтышынча, алардын баары акталган. Адвокат камакка алынгандардын Хизбут-Тахрирге мүчө экендигин далилдөө кыйын экендигин да кошумчалады.
Адвокаттын айтымында, бул доо Крым татарлары үчүн маанилүү бир сабак болот. “Бул үч жигиттин камакка алынышы Крымдагы бардык мусулмандарды камакка алууну адаттагы абалга айландырууга жол ачышы мүмкүн” деген тынчсыздануулар бар. Учурда бул жигиттер үчүн 10-жыл камак жазасы суралууда.
lasuna online order – lasuna over the counter buy himcolin medication
buy besifloxacin paypal – buy generic carbocysteine sildamax pill
baclofen buy online – baclofen 25mg oral feldene where to buy
cyproheptadine 4mg us – tizanidine 2mg canada buy zanaflex online
augmentin 625mg usa – order augmentin 375mg online synthroid 150mcg pills
バイアグラ еЂ‹дєєијёе…Ґ гЃЉгЃ™гЃ™г‚Ѓ – г‚·гѓ«гѓ‡гѓЉгѓ•г‚Јгѓ« – 50mg/100mg г‚їгѓЂгѓ©гѓ•г‚Јгѓ« её‚иІ© гЃЉгЃ™гЃ™г‚Ѓ