УКРАИНА ПАРЛАМЕНТИ СОЮЗДАРГА КОШУЛБАСТЫК СТАТУСУН ЖОККО ЧЫГАРДЫ

325
0

Россиянын күчтүү басымы астында калган Украина өкмөтү 2010-жылы союздарга кошулбастык статусун кабыл алган болчу. 2014-жылдын 23-декабрында Украина парламенти союздарга кошулбастык статусун жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун карап чыгып, бул статусту жокко чыгарууну жактап 350 депутат добуш берди. Жогорудагы статусту жокко чыгаруу Украина ар кандай союзга, айрыкча, НАТОго мүчө болуп киришине жол ачканын түшүндүрөт.

Украинанын тышкы иштер министри Павел Кримкин: “Бул нерсе мамлекетибиз ар кандай аскерий союзга киришb мүмкүн экендигин түшүндүрөт. Бул бизди Европа жана НАТОну көздөй жетектейт”, – деди.

Украинанын чыгышындагы жикчилдер Россия тарабынан колдоп-кубатталышынын артынан президент Пётр Порошенко Украина НАТОго мүчө болушу үчүн күрөшүүгө убада берген эле.

2014-жылдын март айында Крымды аннексия кылган Россия Донецк жана Лугансктагы согушкерлерди курал-жарак менен камсыздап келе жатканын четке кагып жаткан болсо да, Европа союзу жана Америка Кошмо Штаттары Россияга каршы санкцияларды колдонуп келүүдө.

Украина парламентинин бул токтому туурасында билдирүү берген НАТО бул чечимди урматтай тургандыгын айтып өттү.

Өз кезегинде Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Жогорку Раданын токтому кырдаалды ого бетер күчөтүшү туурасында эскертти.

Сергей Лавров: “Бул контрпродуктивдүү жана карама-каршылыкты күчөтөт, “мындай мыйзамдарды кабыл алуу менен Украина мамлекети ичиндеги тереӊ кризисти чечүү мүмкүн” деген иллюзияны пайда кылат”, –  деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here