ПАЛЕСТИНАЛЫК ТУТКУНДАР КОМИТЕТИ : 2000-ЖЫЛДАН БҮГҮНКҮ КҮНГӨ ЧЕЙИН 10 МИӉДЕН АШУУН ПАЛЕСТИНАЛЫК ЖАШ БАЛДАР КАМАККА АЛЫНДЫ

290
0

Палестинадагы «туткундар жана азаттыкта жүргөндөр» комитетинин жетекчиси  Иса Карокеънин билдиришинче, акыркы  13-жылдын ичинде 10-миӊ палестиналык жаш бала туткунга алынган.

Ал «Маъо» маалымат агенттигинен келген кабарга таянып:  «Израиль жаш балдарга таптакыр ырайым кылбайт жана аларга карата ар түрдүү зомбулук, зулумдарды ишке салып, алардын  эл аралык уюмдун балдарды коргоо жаатындагы укуктарын тебелейт. Сионисттик режим июнь айынан баштап мусулмандарга карата массалык кыргын уюштурду, көпчүлүгүн камакка алды. Эӊ өкүнүчтүүсү, туткундардын 30 пайызы жаш балдар экендиги. Алардын 850сү Куддус шаарында жашаган балдар. Бул туткун болгон жаш балдардын 95 пайызы тынымсыз соккулар, таяктоолор жана кыйноолор астында күн көрүшөт.  Аларга зулум кылышып, ал тургай, жөнөкөй эле адамдык муктаждыктарын кандырууга да жол беришпейт. Израиль прокуратурасы аларга карата эӊ адилетсиз өкүмдү чыгарып берген. Бүгүнкү күндө 300 өспүрүм Израиль камактарында зулум астында жашап жатат», – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here