Россия президенти Владимир Путин олигархтардан ар күнү бир миллиард доллар талап кылгандан кийин рублдин куну бир аз көтөрүлгөндүгү күзөтүлдү.
Россия рублунун курсу болуп көрбөгөндөй даражада төмөндөп кеткен “кара шейшемби” аптасынын аягында президент Путин кыркка жакын олигархтарды чогултуп акча сураган эле. Анын бул иши бир аз пайда келтирди. Дүйшөмбү күнү валюта базарында рублдин куну көтүрүлүп, 1 доллар 56 рублга бааланды. Өткөн аптада 1 доллар 70 рублга бааланган эле.
31-декабрдан баштап 12 күнгө созула турган жаңы жылдык эс алуудан кийинки абал үчүн план түзүп чыккан Путин нефтинин баасы көпкө чейин төмөнкү баада калбастыгын эсепке алган абалда, экономиканы көтөрүү үчүн 2008-жылдагы кризистен чыгуу моделин ишке ашырууга токтом кылды. Ал планга ылайык, Россиянын жетекчи банктарына капиталдарын 10 пайызга көбөйтүү үчүн бир тириллион рубль (болжол менен 16,5 миллиард доллар) акча салынат. Бул өтө чоӊ көлөмдөгү акчанын чоӊ бөлүгү негизинен мамлекеттик компанияларга арзан жана ыӊгайлуу мөөнөт менен бериле турган кредиттер катары сунушталат.
Москва өкмөтү, борбордук банк, финансы министрлиги жана олигархтар биригип кризиске каршы күрөшүү жаатында Путин түзгөн бул пландын аксак тарабы да бар. Россиянын валюта запасы 400 миллиард доллардын айланасында болушуна карабастан, жеке менчик компаниялардын чогулган тышкы карыздары 600 миллиард долларга барабар. Ошол себептен улам, көзкарандысыз экономикалык серепчилер бул план туруктуу чечимге эмес, тескерисинче психологиялык таасир көрсөтүүгө каратылган деп баалап жатышат.
Ошол эле убакта Кытайдын тышкы иштер министри Ван И эгерде муктаждык пайда болсо Кытай өкмөтү Россияга экономикалык жактан жардам берүүгө даяр экендигин билдирди. Себеби, Пекин Москванын экономикалык проблемаларды жеӊип өтүшүнө ишенет.
Кытай тышкы иштер министри расмий “China Daily” гезитине берген интервьюсунда Пекин-Москва бири-бирине ар дайым көмөктөшүп келгенине ишара кылып: “Эгерде Россия тарап үчүн муктаждык пайда болсо биз колубуздан келишинче жардам беребиз”, – деди.
Туркистон:
Путин Россиянын башына түшүп келе жаткан кризисти убактылуу финансылык проблемалардай кылып көрсөтүүгө аракет кылууда. Түпкүлүгүндө бул узак убакыттан бери уланып келе жаткан экономикалык кризис. Бул жасалма кризис кудум СССРди кулатуудагы стратегияны эске түшүрөт. Совет өкмөтү да кудум Путиндин режимине окшоп иштеп чыгарууну таптакыр шал болуп калганга чейин мамлекеттин көзөмөлүндө кармап турган эле. Бюджетин да Россиянын азыркы абалы сыяктуу, нефть жана газды сырьё катары сатуу менен толтурат эле. Анда да азыркы АКШнын кол астындагы Саудия мамлекети жана ОПЕК уюмунун мүчөлөрү, дүйнөдө нефтни арзандатуу менен СССРдин талкаланышына негизги себепкерлерден болушкан эле. Тарых кайталанып жаткандай. Бирок, азыркы Россиянын эл аралык саясатта да, өзүнүн таасири астындагы мамлекеттер арасында да, СССРдин салмагындай таасири калган эмес. Анын башына түшүп келе жаткан кризис да, ушул күндүн кээ бир себептери же абалдарынан келип калган жок. Бул Путин башкаруу тизгинин өз колуна алган күндөн башталган. Бүгүнкү Россиянын абалы болсо, Батыш тарабынан Путин үчүн коюлган тузактын тартылышы болду. Тузак болсо, тышкы инвестиция жана финансылык жардамдар менен кирип келе турган ар кандай убактылуу материалдык кызыкчылыктар көрүнүшүндө болот. Жогорудагы Кытайдын финансылык жардам сунуш кылышы болсо, Россиянын өтө төмөндөп бара жатканына далалат кылат. Бул нерсе Путинди улуттук өндүрүшкө кайдыгер кылып коюу максатында жүргүзүлүп жаткан иштер болуп эсептелет.
Путиндин жогорудагы финансылык жардам сурашы – ички же тышкы кубаттардан экендиги айырмасыз – убактылуу дем алуу мүмкүнчүлүгүн гана берет.