АКШ президенти Барак Обама Россияга каршы санкцияларды күчөтүүнү о.э. Украинага курал-жарак жана башка жардамдарды алып кирүүнү өз ичине алган “Украина азаттыгын колдоп кубаттоо” деген аталыштагы мыйзам долбооруна кол койду. Бирок, Ак үйдүн маалымат бөлүмүнүн билдиришинче, Барак Обама Россияга карата жаңы санкцияны дароо ишке ашыруу ниетинде эмес. Жаңы мыйзам аркылуу президент Обама санкциядан тышкары Украинага түздөн-түз аскерий жардам берүү укугуна да ээ болот. Эки жыл бою Украинага аскерий жана гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн АКШ бюджетинен 350 миллион доллар бөлүндү.
Бул санкцияларды АКШ конгресси өткөн аптада кабыл алган эле. Ошондо Ак үйдүн маалымат өкүлү Жош Эрнест: “Мыйзам долбоорун айрым шериктерибиз жактырышпаса да, баары бир президент Обама бул долбоорго кол коёт”, – деген эле.
Обаманын айтымында, АКШ Россиянын аракеттерине жана Украинадагы кырдаалдын өзгөрүшүнө карап санкцияларды колдонуу маселесин өзүнүн Европадагы союздаштары менен кызматташтыкта ишке ашырат. Эгерде Россия өз аракетинен кайтса, анда Обама санкцияны токтотууга даяр.
АКШ президенти: “Мурда айтып өткөнүбүздөй, Россия керектүү кадамдарды таштаса, биз санкцияларды токтотууга даярбыз”, – деди.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Рим шаарында болуп өткөн жолугушуусунда “Украина маселеси чечилсе, санкциялар бир нече аптада алып ташталат” деп билдирген эле.
Адистердин билдиришинче, Россияга карата киргизилген санкциялар жана нефтинин арзандашы Россия рублинин күндөн-күнгө төмөндөп барышынын негизги себептеринен болуп эсептелет.
Россия президенти Владимир Путин жүздөгөн жергиликтүү жана чет өлкөлүк журналисттер катышкан маалымат жыйынында Россия экономикасын турукташтырууга чаралар көрүлүп жаткандыгын билдирди. Путиндин ачыкташынча, Россия экономикасы кайрадан бутка турушу үчүн эки жыл убакыт кетиши мүмкүн.
Россия президенти журналисттердин биринин “Россиянын агрессивдүү саясат жүргүзүп жатканы” жөнүндө берген суроосуна жооп берип жатып АКШны сынга алды.
Путин: “Россия өзүнүн кызыкчылыктарын коргоо үчүн гана аскерий машыгууларды өткөрүүдө. Россия самолёттору СССР кулагандан бери 19 жыл бою мындай манёврларды өткөргөн эмес. АКШ болсо алыскы-алыскы региондордо да тынымсыз маневрларды өткөрүп келүүдө”, “Россиянын тышкы мамлекеттерде эки гана аскерий базасы бар. Бири Кыргызстанда, экинчиси Тажикстанда. Афганистандан согушкерлер Кыргызстанга бастырып киргенден кийин кыргыз тараптын өтүнүчү менен ал жерге базабызды жайгаштырганбыз. Бул региондогу туруктуулукка Батыш да кызыкдар. Ал эми АКШнын аскерий базалары дүйнөнүн бардык жерлеринде бар. Эми айтыӊызчы, бул жерде кайсы тарап агрессивдүү саясат жүргүзүп жатат”, – деп суроо таштады.
Туркистон: Обаманын жогорудагы “Украина азаттыгын колдоп-кубаттоо” деп атаган мыйзам долбоору, Украинаны керек болсо Россияга каршы согушка даярдоо максатында иштеп чыгылган.
“Россия керектүү кадамдарды таштаса санкциялардан же күтүлүп жаткан согуштан кутулуп калышы мүмкүн” деген Обаманын убадаларына Путин “жок” деп жооп берди. Ал журналисттер менен жолугушууда “алар токтобойт, алар биздин аймактарыбызга коркунуч туудурууга даярданууда” деген сыяктуу сөздөр менен Обамага ишенбестигин билдирди.
Россиядан талап кылынып жаткан жана ал тан алышы керек болгон абал кандай абал. Албетте, Крымды Украинага кайтаруу маселеси. Бул болсо, Россиянын толук моюн сунушу аркылуу гана чечилиши мүмкүн болгон маселе. Бул ал тургай, Путиндин режими кулашы менен чечилип калат дегендер да адаша турган, тескерисинче, бул орус калкын башкаруудагы негизги пикирий жетекчиликке айланып бара жаткан маселе. Орус калкы Крым маселесин өзүнүн ички маселеси жана ага карата тышкы аралашуулардын бардыгы анын ички ишине аралашуу деп билет. Путиндин режими да, жарандардагы ушул аӊ-сезимди күчөтүүгө катуу аракет кылууда. Ал тургай, мурда бирөө-жарымдын пикирин эсепке албастан, өз билгени менен абалды ушундай кырдаалга алып келген Путин эми ушул абалдардан кутулуу маселесинде орус эксперттерин, саясий жетекчилерин жана ал тургай, калкты Батыш колонизаторлоруна каршы багытоого аракеттенүүдө. Мында ал калктын улуттук жана мекенчилдик туйгуларынан пайдаланып, алардын башына түшүп бара жаткан бардык балээлерге Батыш дүйнөсү гана айыптуу деп уктуруп келүүдө.
Эки тараптын теӊ ээлеген позициясы бири-бирине карата өтө радикалдуу талаптар менен карама-каршы коюлган. Демек, суук согуш абалы көпкө созулушу мүмкүн. Жаз келери менен Путиндин режими үчүн оор абалдар келиши анык. Оппозициялык күчтөр орус калкынын башына түшүп бара жаткан балээлерде Путинди айыптай башташат. Анын кулашы Россиянын кырдаалдан кутулуп калуу мөөнөтүн бир аз кыскартышы мүмкүн. Бирок, бул нерсе албетте Россиянын эл аралык саясаттагы улуулук даабаларынан баш тартышына жана ал тургай, бир нече бөлүктөргө бөлүнүп кетишине алып барышы мүмкүн. Эмнеси болгондо да, ал эми көбүрөөк агрардык мамлекеттердин сабында болуп калганын моюнга алышы керек.
Согуш да Путиндин режими үчүн бийликте узагыраак туруп калуу үчүн каралган варианттардын бири. Учурда алар бар болгон күчүн Россиянын абалын оӊдоого эмес, тескерисинче, өз режимин сактап калууга жумашашат. Жаздагы нааразылыктарды алсыратышы мүмкүн болгон абалдардын бири – бул Россияга карата баскынчылык согушу. Ошондуктан, Путин журналисттер алдындагы чыгышын, коркпостон Батыш дүйнөсүн өзүнө провокация кылышы мүмкүн болгон маанайда алып барды.
cheap lasuna pills – buy cheap diarex purchase himcolin pill
meloxicam where to buy – rizatriptan 10mg price toradol generic
buy periactin paypal – buy periactin 4mg generic buy tizanidine 2mg sale
brand metronidazole – order generic cenforce 100mg buy cenforce pill
buy augmentin 375mg generic – order synthroid 75mcg levothroid price
generic fosamax 35mg – order pilex sale provera 5mg for sale
バイアグラ通販 – タダラフィル処方 г‚їгѓЂгѓ©гѓ•г‚Јгѓ« гЃЉгЃ™гЃ™г‚Ѓ
eriacta pay – zenegra embarrass forzest breathless