Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Коомдук телерадиокорпорацияга берген интервьюсунда “Эл аралык коомчулук эми Кыргызстанды жакыр мамлекет деп эсептебей тургандыгын ” билдирди.
Атамбев: “Дүйнөлүк банктын жана башка эл аралык уюмдардын классификациясы боюнча Кыргызстан 2014-жылы жакыр өлкөлөрдүн катарынан чыкты жана орточо кирешеге ээ мамлекеттер сабына кошулду. Буга көпчүлүк, мунун ичинде ММКлар да жакшы көңүл бурушкан жок”, – деди.
Маек маалында Атамбаев дагы бир жолу дин тармагынын мамлекеттик башкарууга кийлигишүүсүнө жол берилбей тургандыгын жана диний чөйрөгө мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү зарыл экенин белгилеп, ошону менен бирге, мамлекеттеги негизги проблемалардын бири болгон коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү зарыл экендигин белгилеп өттү.
Туркистон:
Президент Атамбаев Кыргызстан жакыр мамлекеттердин катарынан чыгып, өнүгүп жаткан мамлекеттер сабына өткөндүгүн кубануу менен айтып өткөн болсо да, бирок, бул өнүгүү эмненин эсебинен болуп жатканына токтолбоду.
Кыргызстандын финансы министри Ольга Лаврованын 19-ноябрь күнү берген маалыматында мамлекеттин тышкы карызы кооптуу көрсөткүчкө жетип, ички дүӊ продукциянын (ИДП) 60 пайызына жакындап калганы о.э. бул көрсөткүч акча менен эсептегенде 3 миллиард 400 миллион доллардан ашып кетиши айтылган болчу.
Ольга Лаврова берген маалыматтарга ылайык, Кыргызстан Кытайдан 1 миллиард 42 миллион доллар, Россиядан 300 миллион доллар, Япониядан 253 миллион доллар, Германиядан100 миллион доллар жана Түркиядан100 миллион доллар карыз. Мындан тышкары,Кыргызстанга Дүйнөлүк банк 700 миллион доллар, Азиябанкы 600 миллион доллар, Эл аралык валюта фонду 200 миллион доллар карыз берген.
Буга кошумча Кыргызстан дагы Казакстандан 100 миллион доллар жана кечээ жакында түзүлгөн кыргыз-орус Өнүктүрүү фонду аркылуу Россиядан 500 миллион доллар карыз алууну пландаштырууда. А бирок, өкмөттү тышкы карыз маселеси кыпындай да ойлондуруп жаткан жок.
Бүгүнкү күндө өкмөттүн бирден-бир кайгысы, кандай кылып болсо да Үммөттүн арасында Исламдынжайылышына жол койбостук о.э. Бажы биримдигине мүчөболгонго чейин Россия басымы астында исламийкөрүнүш жана баалуулуктарды коомдон мүмкүн болушунча алыстатуу болуп турат. Ошондуктан да Атамбаев качан жана кайсыл жерде сүйлөшүнө карабастан, маегинин негизги темасы Ислам дини жана өкмөттүн дин тармагындагы саясатын күчөтүү болуп калууда.