«Исламий боордоштук» конференциясына чакырык

302
0

Хизбут-Тахрир – Түркия вилаяты «Исламий боордоштук» деген аталышта конференция өткөрүүгө бел байлагандыгын жарыя кылды.

Мадинада алгачкы жолу Ислам коому пайда болгон күндө «Исламий боордоштук»тун көркөм үлгүсү пайда болду. Ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин мындай боордоштук үлгүсү пайда болгон жок. Биримдик, теӊдик, боордоштук, кызматташтык жана достуктун эң көркөм үлгүлөрү мына ошол күндө пайда болгон эле.

Бул Исламдын алгачкы тарыхы. Түрдүү коомдордон жана түрдүү уруулардан түзүлгөн коомчулук «Исламий боордоштук» алдында бардык таарынычтарын унутуп, бири-бири үчүн бир тууган ага-инилерден да жакын боордошторго айланышты. Көптөгөн жылдардан бери уланып келе жаткан ич ара согуштарга чекит коюлду. Мунун артынан Ислам мамлекетинин көлөкөсү астында «Исламий боордоштук» багыттары жер бетинин өтө чоӊ бөлүгүнө таркады.

А бирок, Ислам мамлекети кулатылгандан кийин «Исламий боордоштук» багыттарына да зыян жетти. Бири-бири үчүн жанын курман кылууга даяр турган мусулмандар Ислам мамлекети жок кылынгандан кийин, бири-бирине тиш кайрай турган душманга айландырылды. Аллах Таала арам кылган улутчулдук түшүнүгү мусулмандар арасында боордоштор аралык согуштарды келтирип чыгарды. Мусулмандар өз акыйдасынан алыстагандан кийин, алардагы боордоштуктун ордун пайда ээледи.

Бүт дүйнөдө, айрыкча Ислам өлкөлөрүндө мусулмандар бири-бирин душман эсептеп, өз ара согушуусу алардын «Исламий боордоштук» түшүнүгүнөн канчалык алыстаганын көрсөтүп турат. Ошондой болгон соӊ, алгачкы Ислам коому пайда болгон кезде Расулуллах с.а.в.дын көрсөтмөсү менен ишке ашырылган «Исламий боордоштук»ту кайрадан тикелөө үчүн ар бир мусулман өз салымын кошуусу керек.

Ушундай максатта Хизбут-Тахрир – Түркия вилаяты «Исламий боордоштук» конференциясын уюштуруп, бардык мусулмандарды бул конференцияга чакырат. Конференцияга Хизбут-Тахрирдин Түркия вилаятындагы басма сөз бөлүмүнүн жетекчиси Махмуд Кар башчылык кылат.

Конференция убактысы: 09-январь, саат 20:30

Адрес: Анкара шаары, Өкмөт көчөсү, Явуз Салим кварталы, № 55/С

Байланыш үчүн телефон +90 312 229 7791

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here