ИОРДАНИЯДА ХАЛИФАЛЫК ДЕМОНСТРАЦИЯСЫ

251
0

Халифалык мамлекети кулатылгандыгынын 93 жылдыгына байланыштуу Хизбут-Тахрир – Иордания вилаяты демонстрация уюштурду. Демонстрация Аллахтын уруксаты менен ийгиликтүү өткөрүлдү.

Мамлекеттик күчтөр тарабынан коопсуздук чаралары көрүлгөнүнө карабастан, өтө көптөгөн адамдар демонстрация чакырыгын жакшы кабыл алышып жүрүшкө катышышты. Мечиттен жолго чыккан демонстранттар “Ал-Хаят” ооруканасынын алдындагы майданга карай жөнөштү. Биринчи топ Абу Аййуб ал-Ансорий мечитинен, экинчи топ болсо Аммандын Низал кварталындагы Абу Замъа мечитинен жүрүштү баштады.

“Ла илаха иллаллах, Мухаммадур Росулуллах” деп жазылган ак жана кара түстөгү байрактарды көтөрүп алышкан мусулмандар аскерлерге кайрылуу жолдоп, алардан Халифалык мамлекетин тикелөөнү талап кылышты. Демонстрация маалында Хизбут-Тахрирдин мүчөлөрүн камакка алуу катуу караланды.

Демонстрация Абу Бакр Ал-Фукаха тарабынан кылынган жалындуу кайрылуу менен уланды. Ал өз сөзүндө, фарздардын таажысы болгон Халифалык мамлекетин тикелөө жолу менен Исламды турмушка кайтаруу важиб экендигин үммөткө эскертип өттү.

Сөзгө чыккан Абу Салам Бани Сахр да аскерийлер жана коопсуздук күчтөрүнөн үммөттүн сабына кошулууну талап кылып “Анткени, Исламды колдонуу үммөттүн талабы” деп баса белгиледи. Ал чогулгандарды Халифалыкты тикелөө жана мусулман өлкөлөрүн бириктирүү үчүн жакшы адамдар менен биргеликте аракеттенүүгө чакырды. Сайкс-Пико келишими үммөттү чачыранды кылып таштагандыгын жана үммөттү кайрадан бириктирип ыйык жерлерин жана баалуулуктарын куткаруунун бирден-бир жолу экинчи Рошид Халифалык мамлекетин тикелөө экендигин эске салды.

Режим тарабынан камакка алынган Мидхад Мирордун атасы да сөзгө чыгып, уулунун кандай камакка алынгандыгы туурасында сөз кылды.

Ал: “Үммөттү бириктирүү үчүн аракет кылган адамдар камакка алынышы керекпи, же бузукуларбы?” – деген суроону ортого таштады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here