Эй Муаз, иштер андай алып барылбайт…

307
0

Азиздиктен кийин кордукка аракет кылып жатасынбы?!

Бир нече маалымат сайттары о.э. «Азия» маалымат агенттиги шейх Муаз Хатиб оппозиция өкүлдөрү менен Москвага барганда айткан сөздөрүн келтирди. Ал эки күн ичинде Россия тышкы иштер министри Лавров жана анын орун басары Богданов менен сүйлөшүүлөр алып барган. Хатиб мындай дейт: «Россия жооптуулары Сирия оппозициясынын кээ бир өкүлдөрүнүн катышуусунда дагы бир конференция өткөрүү жөнүндө баш катырып жатышканын, алар негизги сызыктар боюнча өз ара келишим түзүлүшүнө кызыкдар экенин маалымдашты, биз болсо алардан сүйлөшүү аркылуу саясий чечимге жетишүү жолдорун ачуу үчүн америкалыктар менен өз ара түшүнүү негизинде аракет кылууларын жана бирер наамга өз ара келишип алууларын – каалашса аны Женева-3 деп аташсын – талап кылдык, министр Лавров муну Америка мамлекеттик катчысы Керри менен талкуулоого убада берди, ал Керри менен Кытайда бир нече саат жолугуша турган болду, алардан конференция туурасында эмнеге келишип алышканы жөнүндө бизге расмий түрдө али кабар келбеди».

Эй, Америкадан тартып Россияга чейин созулган Үммөттүн душмандарынын дастарконунда отурган «улуу» саясатчылар!

Иштер ушундай алып барылабы? Аллахтын уруксаты менен мубарек Шам козголоңунун башталганына болжол менен төрт жыл болду. Бул жылдар аралыгында бүткүл дүйнө системасы Башар тарапта турду. Ушул төрт жылдан кийин Америка Шам козголоңунан жана анын исламий максаттарынан коркуп кылмышкер Башарды жана анын режимин бийликте кармап турганы жана анын кулашын четке агып жатканы бүткүл дүйнө системасына сыр болуп калдыбы? Россия Американын көрсөтмөсү менен гана чечим чыгара алат. Ролдор Россия, Кытай, Иран жана Түркия ортосунда бөлүштүрүлгөн. Бул мамлекеттердин баары Обама колундагы куралдар болуп, ал бүгүн ушул куралдарды ишке салууда тобокел иш тутууда. Шам козголоңу Обаманы таң калтырды жана анын бардык шайтаний пландарын кыйратты. Дүйнө системасына бул иштер сыр болуп калдыбы?!

Дээрлик күн сайын Шам жеринен шейиттердин жаны Жаратууусу Барий Таала алдына ыраазылык менен көтөрүлүүдө. Ошол эле учурда, Муаз Хатиб жана анын «оркестри» козголоңго аза күүсүн чалуу үчүн, мусулмандарды кыргын кылып жаткан режимди бардык кыргын куралдары менен камсыздап жаткан кылмышкерлердин колуна козголоңго жат колун сунуу үчүн келүүдө. Бул кимселер муну менен гана чектелген, алар кылмышкерге ыраазычылык да билдиришүүдө, анын кылмыштарын актап, эң чоң кылмышкер Американы Женева-3 максатына «канааттандырууну» суранып жалбарышууда!

Аллоху Акбар! Эй Муаз, бул кандай адашуу, кандай зомбулук?! Силерге Женева-2нин Башар режимин бекемдеген жана ага эл аралык мыйзамдуулук түсүн берген натыйжалары жетиштүү болбодубу? Биз силерди бул натыйжалардан эскерткен элек. Жаъфарий силерди акарат кылышынан жана чачы агарып калган муңканган кимсени сөгүшүнөн тажабадыңар? Андыктан, Женева-3төн эмнени күтүп жатасыңар? Режимди дагы да көбүрөөк бекемдөөнү жана козголоңду дагы да көбүрөөк курчоону күтүп жатасыңарбы? Силер менен кылмышкер Башардын ортосунда түзүлө турган кордоочу арзыбас келишимди күтүп жатасыңарбы? Мындай келишим себептүү кылмышкер режим мамлекеттин коопсуздук рычагдарын өз чеңгелинде кармап тура берет, ошондо Америка ыраазы болот жана муну менен яхудий мамлекетинин коргоосу дагы камсыздалат. Женева-3төн ушуларды күтүп жатасыңарбы?

Биз Муаз Америка режимди коопсуздук мекемелери менен кошо сактап калуу ниетинде экени жөнүндө кайра-кайра берилген Америка билдирүүлөрүнөн кабарсыз деп ойлобойбуз. Америка бул режимди көрдө жаткан Хафиз Асад доорунан баштап тикелеп, аны көздүн карегиндей сактап келгенин да Муаз жакшы билет. Америка мындан мурун Мисир жана Пакистанда болгондой бул режимге үстүртөн «жамактарды» салынышына тоскоолдук кылбай, анын кызыкчылыктарына күнү бүткөн, рейтинги түшүп кеткен Башардан да жакшыраак кызмат кыла турган дагы бир адамды бийликке алып келишин да Муаз жакшы билет. Анткени, Башардын күнү бүткөнүн Обама жана башка америкалык саясатычлар моюнга алган.

Муаз бул колонизатор мамлекеттер өз кызыкчылыктарынан башка нерсени ойлобошун моюнга тан алып туруп, бул мамлекеттерди куткаруучу деп жатканы таң калтырат! Ошондуктан, ал жакшы пикирлегенде тикенектен жүзүм алуу мүмкүн эмесин түшүнмөк, койлорду карышкырга ишенип тапшырган кимсе келесоо же анык саткын экенин албетте түшүнмөк… Муаз жана ага окшогондор кресттүү Батыш мамлекеттеринин түпкү кызыкчылыгы Исламий Үммөттү кулга айлантып, аны колонизаторлук жана кулдук кишендери менен кишендөө экенин билбейби? Же ал биздин кандарыбыз жана майдаланып чачылган денелерибиз менен «чокунтурулган» Америка «саясий чечиминин» закымы артынан жүгүрүп жактанын Үммөт билбейт деп ойлоп жатабы?

Муаз Хатиб жана ага окшогондордун аракеттери козголоң үчүн анык жамандык жана болуп көрбөгөндөй кылмыш. Ошондуктан, Үммөтү жана калыс кишилерди Муаздан жана ага окшогон кимселерден эскертебиз, мубарек Шамыбыздагы калкыбызга жана досторубузга насаат кылып, Аллах арканына бекем жабышууга жана нусрат себептерин жалгыз Аллахтан гана алууга чакырабыз.

Хизб-ут-Тахрирдин Борбордук басма сөз бөлүмү

Дареги: ал­Мазраа – «Колумбиа Центр» – блок б – экинчи кабат

Почта кутусу14­5010

телефон: 00961 1 30 75 94

уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

электрондук почта: media@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here