АСТАНАДА ШКУГА МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРЛЕРИ ЖОЛУГУШТУ

230
0

Казакстандын борбору Астана шаарында 14-15-декабрь күндөрү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Кабар берилишинче, жыйындын күн тартибинде кеӊири көлөмдүү эл аралык жана аймактык өнүктүрүү маселелери боюнча пикир амашышты. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчылары кеңешинин токтомдорун ишке ашыруу алкагында Казакстан, Кытай, Россия, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкмөт башчылары өз ара пайдалуу кызматташтыктын маанилүү багыттарын талкуулашты.

Мындан тышкары, уюмга мүчө мамлекеттердин ШКУ өнүктүрүү банкын түзүү боюнча иштерди улантууга келишип алышканы жана тийиштүү документке өкмөт башчылары кол коюшканы кабарланууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here