АКШ ЖАНА НАТО КҮЧТӨРҮНӨ ООР СОККУ БЕРИЛДИ

292
0

Афганистанда Талибанга караштуу күчтөр АКШ жана НАТО күчтөрүнө чабуул кылышты. Пакистанга жакын Нангархар провинциясынын борбору болгон Жалалабад шаарындагы аскерий базага уюштурулган чабуулда АКШ жана НАТО күчтөрүнө таандык ондогон аскерлер өлгөнү айтылууда.

Чабуул убагында жана чабуулдан кийин келип чыккан кандуу кагышууда 166 аскерий автомобил жана 226 танк жараксыз абалга келген.

Афганистан Ислам амирлигинин расмий сүйлөөчүсү Забихуллох Мужахид тарабынан берилген билдирүүдө айтылышынча, дүйшөмбү күнү Нангархар провинциясынын борбору Жалалабад шаарында НАТОго караштуу аскерий базага Талибан күчтөрү жергиликтүү убакыт менен саат 10:00дө чабуул кылган. Түнкү саат 01:00гө чейин уланган жана оор куралдар менен о.э. үч мужахиддин шейиттик иши аркылуу уюштурулган чабуулда АКШ жана НАТО аскерлери өтө чоӊ жоготууга дуушар болгон.

Болуп өткөн кандуу кагышууда базада жайгаштырылган 226 танк, 36 контейнерлүү жүк ташуучу автомобил, 21 нефть танкери жана 112 прицептүү жүк ташуучу автомобил өрттөлгөн.

О.э. НАТО күчтөрүнө каршы ишке ашырылган чабуулда 3 Талибан аскери шейит болгондугу кабарланды. Бул чабуул 12-май күнү Афганистанда башталган “Хайбар согушу”  деген аталыштагы жазгы операциялардын эӊ кыйратуучусу жана күчтүү чабуулу экендиги айтылууда.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here