WIKILEAKS: ИЗРАИЛЬ АКШ МЕНЕН ГАЗА ЭКОНОМИКАСЫН МУУЗДООПЛАНЫН ИШТЕП ЧЫККАН

337
0

Жашыруун маалыматтарды ашкере кылууменен аты чыккан Wikileaks сайтынын кабар беришинче, Израиль өкмөтүжасалма түрдөГаза регионундагыэкономиканы эң төмөнкү даражада кармап тургандыгы жөнүндө Тель-Авивдеги АКШ элчиканасынын ишенимдүүмаалыматы бар.

АКШ элчиканасынын 2008-жыл, 3-ноябрдагы кабарында, израилдик жооптуулар элчикананын расмийлерине бир нече жолу өз ниеттерин тастыкташкан. Кабарда айтылышынча, Израиль Палестинадагыэкономикалык кырдаалдыкризис даражасына жеткирбеген абалда сактап турууга аракет кылып келе жатат. Элчикананын жогорудагы маалыматты өз ичине алган жашыруун катыАКШ финансы министрлигине жана мамлекеттик департаментине жөнөтүлгөн.

Максатына жетишүү үчүн Израиль өкмөтү регионго зарылболгон каражаттар келип түшпөсүн үчүн  Газага карата кескин акча-кредит саясатын колдонуп келе жатат. Элчикана кызматкерлериИзраилдин мындай аракеттеринбийликкеХамаскыймылы келгенден кийинГаза регионун “душман бирикме” катарыкабыл алгандыгы менен түшүндүрүшүүдө.

Wikileaks сайтында пайда болгон кезектегикабар Израиль жана Хамаскыймылыортосундажүз берген кезектегикагышууучурунда пайда болду. Израиль июльайынын башындаГаза регионунда “Бузулбас аска” деген шарттуу аталыш астындааскерий операция баштап,17-июлькүнүИзраиль аскерийлериГазага бастырып кирген эле.

Акыркы кабарларга ылайык, яхудий вужудунун Газа регионуна каршы баштаган согушунун натыйжасында 1626 палестиналык курман болуп, 8830 адам жарадар болгон. Израиль тарабынан болгон жоготуулар 66 адам болуп, алардын 63ү аскерлер жана офицерлерден турат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here