УЛУТЧУЛДУКТУН САСЫК МӨМӨЛӨРҮ

321
0

Өзбекстан элдик кыймылы (ӨЭК) таркаткан кабарга негизделип “СА-NEWS”сайтынын билдиришинче, 27-август күнү Түштүк Казакстан областынын Сайрам районуна караштуу Карамурт айылында казактар жана өзбектер ортосунда жаңжал келип чыккан.

ӨЭК булагынын билдиришинче, калкынын негизги бөлүгүн өзбектер түзгөн Карамурт айылына 150 чамалуу казак эркектер келип, өзбек улутундагы адамдарды уруп-согуп, өзбектерге караштуу дүкөн жана тойканаларды ташбараӊ кылышкан. Чабуул кылгандар жергиликтүү казактардан эместиги баса белгиленүүдө.

Жаңжалдын натыйжасында төрт адам ооруканага түшкөн, алардын биринин бир нече кабыргасы сынган. Тастыкталбаган маалыматка ылайык, Карамурт айылына коменданттык саат киргизилген.

Total.kz сайты да Карамуртта жаштар ортосунда массалык мушташуу жүз бергени жөнүндө кабар таркатты.

Кудайсыз коммунисттер тарабынан Түркстан аймагы басып алынгандан кийин эзелтеден бери бир Үммөт болгон мусулмандар ортосуна чегаралар тартылып жасалма пайда кылынган беш республикага бөлүп ташталды жана алардын кайрадан биригип кетишине жол бербестик үчүн улутчулдук пикирлерин тыгыштырды о.э. ар түрдүү кыргындарды ишке ашырды.

1989-жылы Өзбекстандын Фергана областында жүз берген өзбектер менен месхети түрктөр ортосунда кагышуулар жүз берген болсо, 1990 жана 2010-жылдарда Кыргызстанда кыргыз-өзбек ортосунда жүз берген улуттар аралык чатактар күчөдү. Бул эки кагышуунун натыйжасында жүздөгөн бей күнөө адамдар курман болду.

2014-жылга келип кыргыз-тажик ортосунда каршылык күчөп кетти. Бул карама-каршылык натыйжасында ондогон адамдар жарадар болуп, бир нече адам курман болду о.э. бул каршылыктардын аягы көрүнө элек.

Эми болсо кезек өзбек-казак ортосуна чагым салууга жетип келди.

 Эзелтеден бир динге ыйман келтирип, бир Үммөт өкүлдөрү болуп келген Орто Азия мусулмандары да өз дининин акыйкатын жана маанисин билбегендиктери себептүү бул акимдердин жана алардын колонизатор кожоюндарынын колундагы оюнчук болуп келүүдө.

Орто Азия мусулмандары өз ара каршылыктардан кутулушу жана ири мамлекеттер колунда оюнчук болуудан кутулушу үчүн колонизатор кафирлер өз малайлары аркылуу мусулмандардын зээнине сиӊдирип таштаган “улутчулдук” жана “мекенчилдик” сыяктуу төмөн, чириген пикирлерди ыргытып таштап, дагы кайрадан өз Исламына кайтышы, Аллахтын өкүмдөрүн турмушка колдонушу керек.

  Расулуллах саллаллаху алайхивасаллам:  Аны(улутчулдукту) таштагыла, анткени,ал сассык”, деген.

Абдурахман Адилов

29-август, 2014-жыл.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here