ТҮРКИЯНЫН КОАЛИЦИЯГА КОШУЛУШУ АКШНЫ КУРСАНТ КЫЛДЫ

290
0

Ирак жана Сириядагы террорчу (Исламий) топтор тарабынан Түркияга уюштурулушу мүмкүн болгон чабуулдарды жокко чыгарууга каратылган Түркия премьер-министри Ахмад Давутоглунун сунушу Түркия парламентинде оӊ көрүнүштө кабыл алынышы АКШ өкмөтү тарабынан курсантчылык менен күтүп алынды.

АКШ тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Женнифер Псаки маалымат брифингинде ушул маселе боюнча берилген суроого: “Түркия менен жакын мамиледебиз. Түрк аскерлеринин коалиция курамына киришине парламент көпчүлүк добуш менен ыраазылык бергендигине кубанычтабыз. ИШИМ Ирак жана Сирияда пайда кылып жаткан коркунучтарга каршы кызматташтыкта иш алып баруу боюнча түрк жооптуулары менен жогорку даражалуу жолугушуулар болуп өттү. Жолугушуулар дагы уланат. Бул кызматташтыкты күчөтөбүз деген үмүтүбүз бар”, – деп жооп берди.

Бул коалицияда түрк жетекчилеринин маанилүү рол ойноону каалап жаткандыгын билдирип, мындан АКШ өкмөтү ушунчалык курсант болгондугун айтып өткөн Псаки Түркия мамлекети террорго (Исламга) каршы күрөшүү жолунда маанилүү шерик жана НАТОдо да негизги орунду ээлеген союздаш өлкө экендигин баса белгилеп өттү.

Псаки: “Түрк дипломаттарынын күрөөгө алынышы себептүү өткөн апталардагы абалдарды билебиз. Эми алдыга жылууга даярбыз. Алар да активдүү болууну  каалап жаткандыгын билдиришти”, – деди.

Көз карандысыз эксперттердин пикиринче, АКШ Түркия өкмөтү менен кызматташмайынча Сирия маселесин чече албайт. АКШ жана Түркия ортосунда бир нече жолу жабык эшиктер артында жолугушуулар болуп өткөндүгүнө ишара кылып өткөн саясатчы Мухаммад Ханафийдин баса белгилешинче, АКШ бул жаатта Түркияга муктаж жана Түркиясыз бирер натыйжага жетише албайт.

Хизбут-Тахрир жамаатынын активисти, саясатчы Мухаммад Ханафий: “Биз бир нече жылдардан бери бул тууралуу айтып келебиз, Сирия маселесин чечүүдө маанилүү рол ойной турган өлкөлөрдүн бири Түркия. Т.а. Түркия болбосо АКШ Сирия маселесин чече албайт. Саудия менен да, Иран менен да, Ливан менен да, Ирак менен да, же башка мамлекет менен да, же болбосо, АКШнын өзү түздөн-түз Сирия проблемасын  чече албайт”, – деп баса белгиледи.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here