Тажикстандын борбору Душанбе шаарында 11-12 сентябрь күндөрү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин кезектеги саммити болуп өтөт. Жогорудагы саммитте Россия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Кытай, Тажикстан о.э. байкоочу жана конок мамлекеттердин жетекчилери о.э. эл аралык уюмдар катышты.
Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун кабар беришинче, саммитте Пакистан, Индия жана Иран мамлекеттерине уюмга толук кандуу мүчө болууга мүмкүнчүлүк берүүчү токтом кабыл алынышы күтүлүүдө. Саммит аякташы менен уюмга төрагалык кылуу милдети бир жыл мөөнөткө – кийинки саммитке чейин – Россияга өтөт.
“Душанбеде болуп өтүүчү саммитте ШКУга жаӊы мүчөлөрдү кабыл алуу боюнча шарт түзүүчү укуктук, админстративдик жана финансылык өлчөөлөрдү жыйынтыктоочу токтом кабыл алуу керек болот”, – деди Сергей Лавров.
“Бул болсо, Россия төрагалыгы убагында уюмду кеӊейтүү жараянын баштоого мүмкүнчүлүк түзөт. Буга кошумча түрдө байкоочу мамлекеттер менен кызматташууну күчөтүүгө көмөктөшөбүз”, – деп кошумчалады Лавров.
Анын айтымында, Пакистан, Индия жана Иран мамлекеттери уюмга толук кандуу мүчө болуу үчүн арызын тапшырышкан.