САУД ФАЙСАЛ: ТЕРРОРГО КАРШЫ КҮРӨШ БАРДЫК ТАРМАКТАРДЫ КАМТЫШЫ КЕРЕК

300
0

Саудиянын тышкы иштер министри Сауд Файсал терроризмге (Исламга) каршы күрөшүү үчүн катуу чечимдерди кабыл алууга жана чечкиндүү саясат колдонууга чакырды. Анын баса белгилешинче, кичинекей топтон өтө чоӊ кошуунга айланып кеткен жана мамлекетке көз артып жаткан “терроризм”дин өнүгүшүнө каршы олуттуу күрөшүү зарыл.

БУУнун Нью-Йоркто уюштурулган жыйынында сөзгө чыккан Саудиянын тышкы иштер министри: “Террорго каршы күрөш бардык тармактарды камтышы керек. О.э. бул күрөш аскерий, экономикалык, пикирий жактардан көздөлгөн максаттарды жүзөгө чыгаруучу аткаруучу долбоорго таянган ачык-айкын стратегияга ылайык болушу зарыл”, – деди.

Сауд Файсал сөзүн улантып, Саудия мамлекети муътадил (демократияны жактоочу) Сирия улуттук коалициясын колдоону о.э. Сирия өлкөсүндө Асадга каршы согушуп жаткан мужахиддерге каршы күрөшүүнү уланта тургандыгын баса белгиледи.

Газа калкын кыргын кылган Израиль жөнүндө болсо “Палестина калкына адилеттүүлүк көрсөтүү үчүн жана Израилди зулумдук саясатынан кайтаруу үчүн эл аралык коомчулук качан аракетке келет” деген суроону ортого таштоо менен чектелди.

Саудия өкмөтү Асад режимине каршы күрөшүп жаткан мужахиддерди “террористтер” деп атап, Сирия калкы үстүнөн бомбаларды жаадырууда. Ал эми, кечээ күнү Израиль Газадагы мусулмандарды массалык кыргын кылганда ага карата бир ок атып койгонго да жарабады. Саудия өкмөтүнүн назарында Газадагы мусулмандарды жаш-карысына, эркек-аялына карабастан кыргын кылган яхудийлер эмес, тескерисинче, Асад зулумуна каршы баш көтөргөн мусулмандар “террорчулар” болуп эсептелишет.

Ошондуктан да Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху Тель-Авивдин түндүгүндө жайгашкан Герцлия шаарында уюштурулган конференцияда Араб өлкөлөрүн яхудийлердин душманы катары эмес, союздашы катары көрө тургандыгын билдирди.

Нетаняху: “Исламий терроризм Жакынкы Чыгышта бир жаңы кызматташтыкты пайда кылды. Анткени, бир нече араб мамлекеттери радикализм (саясий Ислам) өздөрү үчүн чыныгы бир коркунуч экендигин түшүнүп жетишти. Мунун натыйжасында араб мамлекеттери Израиль менен алакаларын кайрадан карап чыгышып, Израиль өздөрү үчүн душман эмес, тескерисинче душманга каршы союздаш экендигин түшүнүп жетишти. Мен бул абал өз ара кызматташтык жана тынчтык үчүн мүмкүнчүлүк жаратышына ишенемин”, – деди.

Акыркы окуялар Исламий өлкөлөрдүн акимдеринин чыныгы кейпин ачып таштоодо. Израиль Газага абадан, кургактыктан жана деӊизден кутуруп чабуул кылган кезде бул акимдердин көздөрү көр, кулактары дүлөй болуп калгандыгын, ал эми АКШ мусулмандарга каршы коалиция түзгөндө болсо бомбалоочу самолёттор менен мусулмандарды кыргын кылгандыгын Үммөт өз көзү менен көрүп турат. Буга түшүндүрмө берүүгө муктаждык жок.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here