РОССИЯНЫН АРМИЯСЫ УКРАИНАДА АСКЕРИЙ ОПЕРАЦИЯ БАШТООГО ДАЯРДЫК КӨРҮҮДӨ

406
0

Россия өзүнүн миңдеген аскерлерин Украина чегарасындагы Миллорево аскерий аба базасына жайгаштыргандыгы айтылууда. НАТОнун Белгиядагы борбордук штабында Генерал Нико Так маалымат жыйынын уюштурду. Генерал Так маалымат жыйынында спутник аркылуу сүрөткө алынган Миллорево аскерий аба базасындагы өзгөрүштөрдү көрсөттү. Тактын билдиришиче, Россия регионго күчтүү жана чабуул кылуучу отрядын жайгаштырган.

Генерал Нико Так эки аптанын ичинде Украинада Россия аскерлеринин саны дагы да көбөйүшү мүмкүн экендигин билдирди. Так маалымат кражаттарына сунуштаган спутник аркылуу тартылган сүрөттөрдө орустарга караштуу бир лагерде жана россиячыл жикчилдер орношуп алган аймакта самолётторду бутага алуучу куралдар жана танктык батальондор жайгаштырылгандыгы көрүнөт. Россиянын куралдары заманбап экендигине көӊүл бурган Так Россия армиясы Украинада аскерий операция баштоого даярдык көрүп жаткандыгын билдирди.

НАТО генералы Так разведка маалыматтарына таянган абалда берген билдирүүсүндө, регионго келген орус аскерлеринин саны өтө көп экендигин айтып өттү. О.э. Тактын баса белгилешинче, Россия аскерлери Украинадагы жикчил күчтөргө өтө чоӊ өлчөмдө заманбап курал-жарактарды, танктарды жана бронетехникаларды жеткирип берген. Голландиялык генерал “бул куралдардын жикчилдерге тапшырылышы жана орус аскерлеринин регионго жайгаштырылышы ал жердеги кырдаалдын барган сайын курчуп бара жаткандыгына ишара кылат” деп басым жасады.

НАТОнун башкы катчысы Андрес Фог Расмуссен да Брюсселде болуп өткөн жолугушуудан кийин сүйлөгөн сөзүндө Россияны Украинада туруксуз абалды пайда кылууда айыптады.

Ошол эле күнү Москвада уюштурулган маалымат жыйынында сүйлөгөн Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул айыптоолорду четке кагып, айыптап жаткандардын эч кандай далилдери жок экендигин билдирди.

Россиянынтышкы иштерминистри Лавров: “Мындай айыптоолор бир нече жолу кайталанды. Украина кризиси башталгандан бери бул иште дайыма Россияны айыптап келишет. Ар түрдүү доомат-жалааларды биринчи жолуугуп жаткан жокпуз. Бирок, алар бизге бир жолу да далил факты келтирген эмес “, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here