Россия менен Кытай эки тараптуу төлөмдөрдө доллардын ордуна өздөрүнүн улуттук валюталарынан пайдалануу үстүндө өз ара келишимдин долбоорун даярдашты.
“Российская газета” нын кабар беришинче, Россия борбордук банкы жана Кытай элдик банкы тарабынан даярдалган келишим долбооруна ылайык, эки мамлекет ортосундагы төлөмдөр өз валюталары аркылуу ишке ашырылат.
Эки тараптуу келишим долбооруна ылайык, Россия жана Кытай компаниялары АКШ долларын четке сүрүп коюп, каалагандай өлчөмдө өз валюталары акысына экинчи тараптын акча бирдигин сатып алышы мүмкүн. Мындай абал эки мамлекет ортосундагы соода көлөмүн көбөйтүү менен бир катарда АКШ банктарынын ишмердүүлүгү төмөндөшүнө себеп болот.
Россия жана Кытайдын тышкы алакаларында АКШ банктарынын үлүшү 75 пайыздын тегерегинде. Бул соода-экономикалык алакалар АКШ банктары аркылуу ишке ашырылганы себептүү Америка экономикасы үчүн киреше булагы болуп эсептелет.
“Российская газета” нын талдоосу боюнча, бул келишим эл аралык финансы планында туруктуулукту сактоо үчүн бир ыкма ролун ойнойт. Анткени, бул маселеде Кытай менен келишим түзүү оор кырдаалдарда накталай акча кепилдигинде Россиянын мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтет.
Туркистон:
Эгерде Россиянын рубли да, Кытайдын юаны да өз баасын доллар менен өлчөбөгөндө, анда бул келишим АКШга каршы жакшы кадам болот эле. Бул эки мамлекет эл аралык системанын бузулуп кетишин каалашпайт. Болгону анда АКШнын жеке өкүмдар болушуна гана нааразы болушууда. Болбосо, алар жок эле дегенде өз ара экономикалык алакаларын алтын акча системасына өзгөртүүгө келишип алышат эле.
Россия өз экономикасын батыштан чыгыш тарапка бурууга катуу умтулуп келе жатканы жашыруун эмес. Анткени, Украина маселесинде АКШ Россия менен Евробиримдиктин ортосунда олуттуу жарака пайда кыла алды. Эми Россия үчүн Кытай жана Индия тарапка кеӊейүү турмуштук маселеге айланып бара жатат. Албетте, АКШ да Россиянын бул аракеттеринен кабарсыз жана кайдыгер эмес. Анын Орто Азия аркылуу өтүүчү “жибек жолу” долбоорун көтөрүп, Кытайды андагы үлкөн кызыкчылыктарга кызыктырып келе жатканы, жалпысынан регион бойлоп Кытай инвестицияларынын жайылышына жана энергетикалык ресурстарды алып чыгып кетишине шарттарды жаратып келе жатканы буга далил боло алат. АКШ бул аракеттери менен Кытайды Россиянын кызыкчылыктарына кол салуучу кылып көрсөтүү менен алардын ортосуна жарака салууга аракет кылып келет. Жогорудагы Россия Кытай келишимдери, ошол “жибек жолу” долбоорунун Казакстан жана Россия аймактарынан өтүүчү келишимдерден кийин ишке ашырылды. Демек, Россия Кытайдын кызыкчылыктарына радикалдык көрүнүштө терс аракеттенүүдөн баш тартты. Ал АКШнын тузагына түшмөкчү эмес.