РОССИЯ КЫРГЫЗСТАНДАН МӨМӨ-ЖЕМИШТЕРДИ АЛЫП КЕЛҮҮГӨ БОЛГОН ТЫЮУНУ БЕКЕР КЫЛДЫ

355
0

Россия, Казакстан жана Беларусиянын вице-премьерлеринин Евразия экономикалык комиссиясы кеңешинин Москва шаарында болуп өткөн жыйынында Россия Федерациясынын өкмөт башчысынын биринчи орунбасары Игор Шуваловдун маалымдашынча, Россия Кыргызстандан келүүчү мөмө-жемиштерге болгон тыюулардын бардыгын бекер кылды.

“Биз Кыргызстандын мөмө-жемиштерин Россия Федерациясына алып кирүүгө болгон бардык тыюуларды бекер кылабыз, эгерде бул жаатта негизсиз тоскоолдуктар жүз берсе мага кайрылгыла – жардам беребиз”, – деди Шувалов.

Бул жыйынга Кыргызстандан экономика министринин орунбасары Данил Ибраев катышты.

Ибраевдин айтымында, Кыргызстан учурда экологиялык коопсуз продукцияларды жеткирип берүү боюнча жогорку экспорттук жөндөмгө ээ. Мамлекет Россия эле эмес, балким бардык Бажы биримдигине мүчө мамлекеттерге эт, сүт продукциялары, жашылча-жемиштер, коон-дарбыздар, шербеттер, кургатылган мөмө-жемиштер, жаӊгак жана бал экспорт кылууга даяр.

Мындан тышкары, Ибраев Бажы биримдигине кирген мамлекеттерде Кыргызстандан эт жана эт продукцияларын импорт кылууга тыюу бар экендигин эскертип өттү о.э. бул жааттагы чектөөлөрдү алып таштоо сунушун ортого таштады. Талкуунун натыйжасы боюнча, бул маселе РФ тарабынан кошумча түрдө карап чыгыла турган болду.

Туркистон:

Бул албетте Россияга алып кирилип жаткан Өзбекстандын мөмө-жемиш жана сырьёлоруна карата Россия тарабынан колдо алып кирилип жаткан мөмө-жемиш жана жашылчаларга тыюу салынгандан кийинки аракеттер.  Белгилүү болгондой, Россия менен Өзбекстан ортосунда, тымызын күрөш жүрүп жатат. Өзбекстан бийлиги Россиянын инфраструктурасын изден чыгарып жиберүү максатында, өз жарандарын биометрикалык паспорт алуу шартын шылтоолоп чакырып ала баштады. Бул нерсе чындыгында Россиянын инфрасртуктурасына катуу сокку болушу мүмкүн.

Россиянын жогорудагы мөмө-жемиштерди алып кирүүгө тыюу салышы, калктын негизги тиричилик булагы болгон дыйканчылык жана багбанчылык тармактарына болгон соккусу менен Россиядан кайтып жаткан жарандарды кантип жумуш менен камсыздоо туурасында баш катырып жаткан өзбек өкмөтүн оор абалга кептеп коймокчу.

Бул албетте Өзбекстан тарабынан да карама-каршы аракеттер менен тосуп алынат. Анткени, Каримовдун өзбек элин бүтүндөй кырылып кетүүгө чейин алып барууга даяр экендиги белгилүү. Бирок, Каримов Батыштын кандайдыр бир жолдор менен ушул проблеманы чечүү долбоорлору негизинде аракет кылат. А бирок, бул нерсе карапайым калктын жашоосу ого бетер төмөндөшү аркылуу ишке ашат.

Россия да Украина проблемасы артынан жүз берип жаткан жаңы-жаңы проблемалар үстүнө мигранттар проблемасына дуушар болгонуна кубанычта эмес. Эӊ эле бери дегенде 5 – 6 миллионго барабар болгон өзбек мигранттарынын ордун Украина качкындары менен толтура албайт. Жумушчу күчү бир нече эсеге кымбаттайт. Бул болсо товар жана кызматтардын бааларына да таасирин тийгизет. Ошондуктан, бул абал Кыргызстан, Тажикстан жана башка СНГ мамлекеттерине коюлган чектөөлөрдүн бардыгын кайрадан карап карап чыгууга о.э. көптөгөн чектөөлөрдү алып таштоого мажбур кылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here