ПАН ГИ МУН БА САРОНИ ДАВЛАТИ ТУРКИЯ ВА ШАРҚИ МИЁНА ЗАНГ ЗАД

289
0

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Түркиянын жаңы президенти Режеп Таййиб Эрдаган жана кээ бир Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин жетекчилери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Жакынкы Чыгыш мамлекеттери жана Газа масеселси туурасында талкуулашты. Бул тууралуу БУУнун башкы катчысынын расмий сүйлөөчүсү Стефан Дужаррик билдирди.

Дужаррик башкы катчы Пан Ги Мундун Режеп Таййиб Эрдаган менен бир катарда Палестинанын президенти Махмуд Аббас, Мисирдин тышкы иштер министри Самих Шукри, АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Катардын амири шайх Тамим ибн Хамад ас-Санийге телефон чалып аймактагы кырдаалды талкуулашкандыгын, айрыкча Палестина жана Израиль ортосунда узак мөөнөттүү келишим түзүү туурасында сүйлөшкөндүгүн билдирди.

Дужарриктин билдиришинче, Израилдин президенти Бенямин Нетаняху менен да сүйлөшүүгө даярданып жаткан Пан Ги Мун Эрдаган менен сүйлөшүүдө Ирактагы акыркы кырдаал, айрыкча, ал жердеги христиандар, язидийлер жана түркмөндөргө байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

О.э. Дужарриктин билдиришинче, БУУнун башкы катчысы Мисирдин ортомчулугунда Израиль жана Палестина ортосунда ок атууну токтотуу токтомуна кол коюу зарыл экендигин баса белгилеп, БУУ тараптар ортосунда түзүлүүчү ар кандай келишимди колдоп-кубаттоого даяр экендигин билдирди.

Туркистон:

Куфр системасынын учурдагы негизги куралы болгон БУУ куфр системасынын чектен чыгуу даражасын үйрөнүүдө. Ал АКШ баш болгон Израиль жана башка бир нече мамлекеттер тарабынан Ислам жана мусулмандарга каршы ишке ашырылып жаткан кыргындар мусулмандардын сабырынын чегине жетип бардыбы же жокпу, ошону аныктамакчы.

Бул системада куфр тарабынан миллиондогон мусулмандардын кыргын кылынышы жөнөкөй эле тынчтык келишимдерине кол коюу менен жабылып кете берет. Пан Ги Мун бул жолу да кудум ушундай кылып, куфр системасынын ичиндеги Исламий өлкөлөрдүн жетекчилерине тапшырма берип, мусулмандарды ымалага келтирүү кампаниясын уюштурууда. Эми алар кудум Исламий туйгулары козголуп кеткендей аракетке келишет. Сүйлөшүүлөрдү уюштуруп, бул кыргындарга эч кандай тиешеси болбогон Хамас сыяктуу жасалма жетекчилерге кандайдыр бир келишимдерге кол койдурушуп, мусулмандарды өч алуу укугунан ажыратышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here