“IslamNews” маалымат агенттигинин Палестина каршылык кыймылына жакын булактын маалыматтарына таянып кабар беришинче, Каир ортомчулугунда болуп өткөн көп күндүк сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Палестина каршылык каймылы жана Израиль блокада кылынган Газа секторунда атышууларды бүтүндөй токтотуу туурасындагы келишимге кол коюшту. Жогорудагы келишимге Палестина тарабы койгон шарттар негизинде кол коюлган жана бул аркылуу палестиналыктар болуп көрбөгөндөй дипломатиялык жеӊишке жетишишкен.
Бул документке келишимдин аткарылышына кепил болгон Европа союзунун өкүлдөрүнүн катышуусунда кол коюлду. Агенттиктин маектешинин айтымында, кол коюлган документ Палестина каршылык кыймылы талап кылган дээрлик бардык пункттарды өз ичине алат. Ошентип, Израиль Газа секторунан ?? қамални алып таштоого, бардык көзөмөл өткөрүү бөлүмдөрүн ачууга, аймакка курулуш материалдарын алып кирүүгө жана акча өткөрүүлөргө тоскоолдук кылбастыкка ыраазы болгон. Келишимге ылайык, Газа секторун кайрадан тикелөө Рами Хамидуллах башчылыгындагы Палестина өкмөтүнүн көзөмөлү астында ишке ашырылат.
Газаны электр энергиясы менен камсыздоо проблемасы документке кол коюлган күндөн баштап бир жылдын ичинде чечилет. Мындан тышкары, палестиналык балыкчылар жээктен тогуз мил алыстыкта балык кармашы мүмкүн жана кийинки жарым жылдын ичинде балык кармоо аралыгы 12 милге чейин кеӊейтилет.
Палестиналыктар Газа секторунда деӊиз портун ачууга Израилдин ыраазылыгын алышкан. Порт ачуунун тафсилаттары сентябрь айында талкууланат.
Израиль камактарында жаткан палестиналык туткундарды азат кылуу маселеси кийинкиге калтырылды.
Келишимдин тафсилаттары жакынкы күндөрдө маалым кылынышы кабарланууда.
Азырынча Палестина делегациясы 19-август күнү аяктаган убактылуу келишимди дагы бир күнгө узартканын билдирди.
Туркистон:
Арзууга айып жок. Ооба булар согушту бир күнгө узартышты! Тынчтыкты эмес! Анткени кечээги күндөн баштап Израиль дагы мурункудай бомбалоону баштады.
Бул жана ушулар сыяктуу проблеманы учурдагы белгиленген өлчөөлөр негизинде өзгөртүүгө болот деп ойлоп жаткан ар кандай делегация же башка топ, ал тургай мамлекеттик уюмдар болсо да, бир да ийгиликке жетише албайт. Алар болгону өздөрүн эмненидир кылып жаткандай көрсөтүүгө гана аракет кылышат. Анткени, алардын өздөрү да ийгиликтен үмүттөнүшпөйт. Болгону арзуу гана кылышы мүмкүн. Булардын аракеттери куфр тарабынан уюштурулуп жатканына келсек. Алар үммөттү чыныгы өзгөрүүлөрдү ишке ашырышы мүмкүн болгон туура аракеттерден убактылуу болсо да чалгытып беришинен үмүттөнүшөт.