Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Евразия Экономикалык союзунан чыгып кетиши мүмкүн экендигин эскертти. “Эгерде Россия жана Беларусия катышуусундагы уюмга мүчөлүк Казакстандын эгемендүүлүгүнө коркунуч туудура турган болсо, анда бул маселе көрүп чыгылат”, – деп баса белгиледи Назарбаев.
30-август күнү “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда Назарбаев: “«Келишимдеги эрежелер так аткарылбаса, Казакстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчөлүктөн баш тартууга толук укуктуу”, -деп билдирди.
О.э. президент: “Казакстандын эгемендүүлүгүнө коркунуч туудуруучу уюмга Астанаэч качан мүчө болбойт”, – деди.
Россия президенти Владимир Путин бир күн мурда т.а. 29-август күнү “Назарбаев мурда эч кандай мамлекети жок жерде мамлекет түздү. Казактардын мамлекеттүүлүгү болгон эмес ”, – деп айткан эле.
Крым региону Москва тарабынан аннексия кылынганы жана Украина чыгышындагыбороонБатыш жанаРоссияга кошуна мамлекеттерде “Кремль мурдагы советтер союзунун белгилүү бир аймактарында көзөмөлорнотмокчу” деген тынчсызданууларды пайдакылды.
Евразия экономикалык союзу бүгүнкү күндөгү Бажы биримдигинин ордуна түзүлүп, 2015-жылдын 1-январынан баштап ишке киришүүсү күтүлүүдө.
Туркистон:
Казакстан түндүк батыш тарабынан Россия менен 7548.1 км ге чектешип, 2014-жылдагы статистикалык маалымат боюнча калкынын 3.685 миллиону орус улутундагылардан турат. Калкынын жалпы саны 17.160 миллион болуп, эӊ эле бери дегенде 200 улуттун өкүлдөрү жашайт.
Чындыгында эле Казакстандын Россия тарабы, кудум Украина сыяктуу орус улуту менен дээрлик биригип кетет. Менталитети, улуту жана жашоо деӊгээли ар тараптан Россия үчүн улуттук козголоңдорду чыгаруу үчүн өтө ыӊгайлуу. Назарбаевдин тынчсыздануусу Украина проблемасы башталары менен, аныгыраагы Крымды Россия басып алып жатканда “орус улутунун тагдырына кайдыгер карап тура албайбыз, аларды коргоо биздин милдетибиз” деген негиздерди ураан кылган күндөн башталды. Алар кесиптеши Лукашенко менен биргеликте, бул иште Путинди колдобостуктарын жана баскынчылыкка улуттук факторлорду негиз кылып келтирүү эл аралык конвенциялар боюнча мүмкүн эместигин айтып өтүштү. Мындан тышкары, Каспий деӊизинен казып алынуучу нефть проблемасы да бар. Ирандын коркутууларын шылтоолоп, Россия аскерий кемелерин да Каспий деӊизине киргизип алган. Бул да кудум Крымдагы абалды эске салат.
28-август күнү Казакстандын түштүгүндөгү Сайрам областында казак улутундагы бир нече адам, өзбек улутундагылар жашаган Карамурат кыштагына бастырып киришти. Ал жерде өзбек улутундагы бир нече адам өлтүрүлгөндүгү жана жүздөгөн адамдар жарадар болгону турасында кабарлар таркады. Бул кудум 2010-жылдагы Ош окуяларын эске түшүрөт. Ош окуялары Россия тарабынан, ошол кездеги Кыргызстандын убактылуу өкмөтү менен биргеликте ишке ашырылган эле. Бирок, Назарбаев үчүн улуттук жаӊжалдардын пайдасы жок экендигин эсепке алганда, балким Россия Казакстан менен Өзбекстанды эскертип аларды коркута баштагандыр. Себеби, Ташкенттин негизги бөлүгүндө казак улутундагылар жашайт. Эмнеси болгондо да Казакстандын Евразиялык экономикалык союздан чыгып кетүү менен коркутушу, эки мамлекеттин ортосу олуттуу көрүнүштө бузулгандыгынын кабарын берет.
АКШ Казакстандын экономикасын ипотекалык кредиттерди берүү менен көтөрүп жиберди. Эми Евразия экономикалык союзуна кириши казактардын жашоо деӊгээли төмөндөшүнө алып барат. Анткени, бул союзга Кыргызстан сыяктуу жашоо деӊгээли төмөн болгон мамлекеттер да мүчө болушат. Бул болсо, нааразылык акцияларына себеп болушу анык. Назарбаев балким ошол күндөрдөн коркуп жаткандыр.
Эми Казакстандын Евразиялык экономикалык союзга мүчө болуудан баш тартышы эмнеге алып барышы мүмкүн? Албетте бул нерсе союздун курулуп бүтпөй жатып кризиске кептелишине себеп болот. Эми кезек Россияда.