КЫТАЙ МУСУЛМАНДАРДЫ ҮРҮМЧҮДӨН СҮРГҮН КЫЛЫП ЖАТАТ

347
0

Баскынчы Кытай өкмөтү Чыгыш Түркстандын борбору Үрүмчү шаарындагы жергиликтүү мусулмандарды түрдүү шылтоолор менен көчүп кетүүгө мажбур кылууда. Эгер алар көнүшпөсө Израилдин ыкмасын колдонуп, бульдозерлер менен үйлөрүн бузуп, өздөрүн камакка тыгып жатат.

Атын атоону каалабаган үрүмчүлүк бир мусулмандын билдиришинче, Кытай өкмөтү 2009-жылы 5-июлда ишке ашырган массалык кыргындан кийин Үрүмчү шаарын мусулмандардан тазалоо саясатын үзгүлтүксүз улантууда. Бул нерсени ишке ашыруу үчүн түрдүү шылтоолорду токуп чыгаруу адатка айланган.

Мусулмандардын үйлөрүн бузуп жатканда үй эмеректерин сатуу жана ремонттоо менен алектенүүчү чакан цехтер да аман калбай жатат. Күбөлөрдүн билдиришинче, ал тургай цехтердеги товарларды алууга да уруксат берилбей жатат. Мүлк ээлеринин нааразылыгына жана каршылыгына карабастан, таштанды ташуучу машиналар чакан цехтердеги жүз миӊдеген юань туруучу буюмдарды таштандыга алып кетишүүдө.

Мусулман ишкерлердин бири: “Чакан цехтерге жана жумушчу орундарга ар күнү полициялар келишип ар түрдүү сурактарды жүргүзүшөт о.э. террорчулукка байаныштуу кылып көрсөтүүгө аракеттенип коркутушат. Андан кийин финансы жана салык мекемесинен адамдар келишет. Соода-сатык эсептерин текшерип, налогдон кутулуу үчүн акчанын көлөмүн жашыргандыкта жана мыйзамсыз жол аркылуу тышкы соода жүргүзүүдө айыпташат. Мунун жазасы үчүн мусулмандар төлөй албай турган өлчөмдөгү акчаны алардын мойнуна илип коюшат. Дагы бир нече күндөн кийин кайтып келишип, эгерде цехтерди жаап Үрүмчүдөн көчүп кетүүгө макул болушса жазадан кутула тургандыгын айтышат. Мусулмандар да өмүр бою төлөй албай турган штрафтан кутулуу үчүн цехтерин жаап Үрүмчүдөн кетүүгө мажбур болушат”, – деп айтып берди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here