Кыргызстан республикасынын энергетика жана өнөржай министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев 16-октябрь күнү болуп өткөн парламенттин жыйынында электр энергиясын пландуу өчүрүүнү колдонууну сунуштады.
Турдубаев: “Сууну жана электр энергиясын үнөмдөшүбүз керек, болбосо, бүтүндөй системаны кыйратабыз. Ошондуктан, электр энергиясын биринчи баскычта түнкүсүн, экинчи баскычта болсо, кечинде пландуу өчүрүүнү киргизүүнү сунуштайбыз. Пландуу өчүрүүлөрдүн эсебинен 1,2 миллиард кВт/саат электр энергиясын үнөмдөп калууга болот”, – деди.
Анын айтымында, жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүп алуу үчүн республикага кошумча 2,3 миллиард кВт/саат электр энергиясы керек болот. Ал: “Калк үчүн 700 кВт/саатка чейинки электр энергиясынын баасын 70 тыйын (1,3 цент) бойдон калтырууну сунуштайбыз. Электр энергиясындагы таӊкыстык себептүү ушундай кылууга мажбур болуп жатабыз. Светти же өчүрүшүбүз керек, же сатып алышыбыз керек. Ошондуктан, биз 700 кВт/саатан ашык колдонулган электр энергиясы үчүн бааларды көтөрүүнү ошону менен бирге үч фазалуу колдонуучуларды үзбөстүктү о.э. үч фазалуу жана бир фазалуулар үчүн бирдей тариф киргизүүнү сунуштайбыз”, – деди.
Турдубаевдин билдиришинче, энергетика министрлиги электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Турдубаев: “Түркмөнстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, 1-ноябрь күнү ал жакка делегация жөнөп кетет. Сүйлөшүүлөрдүн алгачкы баскычы ийгиликтүү өттү, а бирок, бул долбоорду ишке ашыруу үчүн биз электр энергиясын Өзбекстан аркылуу алып өтүшүбүз керек болот. Алгачкы эсептөөлөргө ылайык, Түркмөнстан бир кВт/саат электр энергиясын 2,5-2,7 центтен сатууга даяр, Өзбекстан аркылуу алып өткөнүбүз үчүн буга транзит акысы да кошулат. А бирок, бул акыркы эсеп эмес. О.э. Казакстан жана Россиядан да электр энергиясын сатып алуу жолдорун караштырып жатабыз”, – деди.
Туркистон:
Энергетика министринин милдетин аткаруучу Кубанычбек Турдубаев электр энергиясын пландуу өчүрүүнү сунуштоого бир аз кечигип калган окшойт. Анткени, республиканын түштүгүндө электр энергиясына чектөө киргизилгенине бир топ убакыт болуп калды.
Ош областындагы шаар жана айылдарда суткасына 8-9 саатка өчүрүү адаттагы эле көрүнүшкө айланып калды. Калк свет таӊкыстыгы эле эмес, таза суу жетишпестигинен да кыйналууда. Мунун себеби свет өчүшүнүн артынан адатта электр энергиясы менен иштеген суу насостору да токтоп калып, адамдар сууну сатып алып ичүүгө мажбур болушууда.