КЕЗЕК АЯЛДАРГА КЕЛДИБИ?

368
0

Кыргызстан өкмөтү бүгүнкү күнгө чейин Ислам жана мусулмандарга каршы жүргүзүп жаткан жийиркеничтүү күрөшүндө негизинен мусулман эркектер менен алышып келе жаткан болсо, 2014-жылдан баштап алсыз аялдарды да өзүнүн жийиркеничтүү күрөшү айлампасына тарта баштады.

Алгач Бишкек шаарынын тургуну 1960-жылы төрөлгөн муслима эжебиз Кинчакбаева Сайракан Кенжетаевна 2014-жылдын 27-март күнү Бишкек шаардык Биринчи-Май райондук сотуна чакыртылган жана эч кандай негизсиз чыгарылган соттун чечими менен Бишкек шаарындагы №1 убактылуу кармоочу жайына камап коюлган.

Бул муслима эжебизди Кыргызстандын кылмыш кодексинин 299 – (этникалык, диний жана улуттар аралык кастыкты козгоого аракет кылуу) беренеси менен, айрыкча Хизбут-Тахрир Исламий саясий партиясына мүчө болгондукта айптап жатышат. Кинчакбаева Сайракан эжебиз экинчи топтогу майып болушуна карабастан бир өзү аял башы менен беш баланы т.а. төрт уул, бир кызды тарбиялап бойго жеткирип келген. Анын жалгыз кызы да өзү сыяктуу экинчи топтогу майып болуп, энесинин кароосуна муктаж, өзү жалгыз аракеттене албайт. А бирок, бул муслима эжебиз үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу, карамагында оорулуу кызы болушуна карабастан УКМК кызматкерлери жана Биричи-Май райондук соту ар кандай адамдык сезимдерди бир четке сүрүп коюп Сайракан эжебизди эч бир негизсиз камакка алышты жана ал бүгүнкү күнгө чейин камакта жатат.

30-июль күнү Бишкек шаарынын Биринчи-Май райондук сотунда Сайракан эжебиздин үстүнөн сот иши болуп өттү. Жалаӊ жогорудан келген буйрукту гана аткарууга кудуреттүү болгон соттук комитет спектаклин улантууну 2-августка калтырган болчу. Учурда мазлума эжебиз медициналык кароого жана дарыланууга муктаж, анткени бул муслима эжебиздин аз кандуулук оорусунун натыйжасында колдорундагы тырмактары түшүп, кан басымы да төмөндөп кеткен.

Муслима эжебиз Кинчакбаева Сайракандан кийин расмий өкмөт шейит боордошубуздун кызы Аманова Зулфияны да камакка алган, эки ай камакта кармагандан кийин Зулфияга карата баш коргоо чарасы 20-май күнү үй камагына алмаштырылган жана кийинчерээк болуп өткөн бир нече соттордо жогорудагы муслима карындашыбыздын бирер айыбы далилденбеген болсо да 50 миӊ сом штраф салып азатыкка чыгарылган.

Эми болсо паскеч өкмөт 2014-жыл, 1-апрель күнү 1976-жылы 5-март күнү Жалал-Абад шаарында төрөлгөн Токтобаева Жумазия Суютбековнанын Бишкек шаарындагы жашап жаткан үйүндө тинтүү жүргүздү. Тинтүү учурунда анын үйүнөн Хизбут-Тахрирге тиешелүү болгон адабияттар табылганы үчүн Кыргызстан кылмыш кодексинин 299 – (этникалык, диний жана улуттар аралык кастыкты козгоого аракет кылуу) беренеси боюнча айыптап камакка алды.

2014-жыл, 24-июнь күнү Биринчи-Май райондук сотунда Ибраев М.Т төрагалыгында болуп өткөн соттук отурумда Токтобаева Жумазия карындашыбызды 4 жылга эркинен ажыратуу жазасы белгиленди. Бул карындашыбыздын артында анын өмүрлүк жолдошу жана бойго жетпеген уулу зар какшап калышты.

Атамбаевдин өкмөтү ууру, каракчы жана адам өлтүргөндөрдү эч экиленбестен азаттыкка чыгарып жаткан болсо да, бирок, Роббим Аллах деген мусулман эркек жана муслима аялдарды камакка таштап жатат. Бул аркылуу расмий өкмөт тили башка да, иши башка экендигин көрсөтүүдө.

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев да Өзбекстан президенти канкор яхудий Каримовга окшоп Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн күндөн-күнгө күчөтүп бара жатат. Канкор Каримов ислам жана мусулмандарга каршы жалпы күрөшүн баштаган кезде: “Биз бул жолдо аялдарга жана жаш балдарга каршы күрөшпөйбүз”, – деген эле. Бирок, бүгүнкү күндө Өзбекстандагы аялдар камагы “Роббим Аллах, адамдар Аллах түшүргөн мыйзамдар негизинде жашашы керек” дегенден башка күнөөсү болбогон муслима аялдарга толуп кеткен.

Биз азырынча бул эки президент ортосундагы айырма, Каримов мусулмандарга карата эътикадий душман болуп, Ислам дининин өнүгүшүнө каршы өз ыктыяры менен чын дилден күрөшүп жаткан болсо, Атамбаев болсо бул күрөшкө кожоюну болгон Россияны ыраазы кылуу үчүн жана анын талаптарын аткаруу үчүн киришүүдө о.э. бул күрөшүн мажбурлоо менен ишке ашырууда деп билебиз.

Ошол себептен улам, биз президент Алмазбек Атамбаевди бул дүйнө матасы жана мансабына ээ боломун деп акыретин күйдүрбөстүккө, Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүүнүн ордуна, өзү да ыйман келтирген Ислам дининин өнүгүшүнө салым кошууга, пендесин ыраазы кыламын деп Аллахка күнөөкөр болуудан сактанууга чакырабыз!

Абдурахман Адилов
8-август, 2014-жыл.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here