КАМЕРОН НАТОНУ РОССИЯ КОРКУНУЧУНАН ЭСКЕРТТИ

383
0

Британиянынпремьер-министри Дэвид Камерон НАТОго мүчө мамлекеттердинжетекчилеринежана НАТОнун башкыкатчысы Андрес Фог Расмуссенге жолдогон катында, НАТОну Россия тарабынан болушу мүмкүн болгон аскерий коркунучтан эскертти о.э.НАТОжетекчилигин Россия менен болгон мамилелердикайрадан карап чыгууга чакырды.

Камерон өз катында Крымдын Россиянын курамына кошуп алынышын сындап, расмий Москваны Украина чыгышында согушуп жаткан жикчилдердикурал-жарак менен камсыздап жаткандыктаайыптады. Мындан тышкары, Камерон Донецк областында Малайзияга караштуу “Боинг” самолётудуушар болгон кырсыкка карата Кремлдин маилесине нааразы экендигин билдирди.

Камерон: “Алтыайдан бери уланып жаткан Россия-Украина кризисинде ар кандай коркунучтаргаыкчам жооп береалуумүмкүнчүлүгүбүздүкүчөтүү, өз коопсуздуктарынан тынчсызданып жаткан союздаштарыбызды тынчтандырууо.э. Россия тарабынан жүз беришимүмкүн болгон ар кандай зомбулуктардытоктотуп калуу үчүн узак мөөнөттүү чараларга келишип алышыбыз керек”, – депжазды.

Британия премьер-министри колдонулушу мүмкүн болгон ыктымалдуу чаралар катары НАТО жетекчилигинеаскерий машыгуулардынжаңы таблицасынкөрүп чыгууну, жаңы инфраструктуралыкимараттарды куруунуо.э. НАТОнун ыкчам күчтөрүндөгүаскерлердин санын 25 миңге чейин көбөйтүүнү сунуштады.

Туркистон:

АКШ Россияны өтө чоӊызы-чуулуу жана карасанатайдушман кылып көрсөтүүгөкатуу аракет кылууда.

Максаты, Европаны анын таасиринен бүтүндөй куткарып алуу. Негизинен жаратылыш газына болгонмуктаждыкРоссиянын Европадагытаасир кубатынын негизи болгон. Ошондуктан,АКШ ЕвробиримдиккеРоссиядан келип жаткан жаратылыш газынын ордун басышы мүмкүн болгон сланс газын сунуштоодо. АКШ бул пландарын ишке ашырууда дүйнө жетекчилигине жетүүгө катуу аракеттенип жаткан Германия мамлекетиненжакшы пайдаланып келе жатат. УчурдаГерманиянын деӊгээли өтө тез көтөрүлүп бара жаткандыктан, ал Европа биримдигимамлекеттерининлидери болуп алды десек да аша чапкан болбойбуз. Украина болсо, ушулмаксатка алып баруучу биршылтооже курмандык болду деп айтсак да боло берет. Анткени, Россия Украинаны толуктапшыруу менен Батыштын чеӊгелинен толук кутула албастыгын, тескерисинче, мындан да жаман болушунт.а.андан кийинөзүн федерацияларга бөлүп жиберүүоперациясыбашталышын жакшы билет. Ошондуктан, ал каалабасада АКШнын планынаылайыкаракеттенүүгө мажбур. АлУкраина маселесинде бир четтекарап тура албайт. Демек, Украина да Крым да тынчыбайт. Анткени,алардынчечими эл аралык саясаттагычоӊмамлекеттерортосундагыбашка келишпестиктерге барып такалат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here