ИРАН МЕНЕН АКШ ОРТОСУНДА ӨТКӨН ЖАШЫРУУН ЖОЛУГУШУУЛАР АШКЕРЕЛЕНДИ

274
0

Ирандын президенти Хасан Роуханинин саясий  кеңешчиси Хамид Абуталибий мурдагы президент Ахмади Нежад доорунда Иран менен Америка ортосунда жашыруун жолугушуулар болуп өткөндүгүн ачыктады. Абуталибий өз билдирүүсүндө “Роуханинин шайланышына тынчсыздангандар ал кездеги жашыруун жолугушуулардан кабары жок” деди.

О.э. саясий кеңешчи Абуталибий өзүнүн “twitter” баракчасында да бул тууралуу маалымдады.

Абуталибий: “Мурдагы өкмөт доорунда эки мамлекет ортосундагы жолугушуулар эки жыл бою жашыруун көрүнүштө болуп келди. Роуханинин жолугушуулары ачык көрүнүштө өткөрүлгөн кезде муну уккандар тынчсызданып, нааразылык билдире башташты”, – деп жазды.

Нью-Йоркто уюштурулган БУУнун башкы ассамблеясына катышкан президент Роуханинин жолугушууларынан “тынчсызданып жаткандар”га Абуталибий төмөнкүдөй кайрылуу жасады:

“Стратегиялык изилдөөлөр борборунда бир нече жылдар жогорку даражалуу жыйындарга катыштым. Бул жыйындарда тышкы иштерге тиешелүү услубдар жаатында эки тандоо үстүндө тартышуулар болор эле. Биринчи тандоо каршы күрөшүү, экинчиси болсо өз ара кызматташтык. Иран калкы өткөн шайлоодо өз ара кызматташтык жана экономикалык өнүгүү үчүн Роуханини колдоп добуш берген эле”.

Абуталибий азыркы кылым өткөн кылымдан айырмалуу экендигине басым жасап, тышкы саясаттагы өлчөө жалаӊ гана кызыкчылык экендигин билдирди.

“Тышкы саясатнтын негизи улуттук коопсуздук жана кызыкчылыктар. Кызыкчылыктар  жолунда ар кандай кадам ташталышы керек”, – деп баса белгиледи саясий кеңешчи Абуталибий.

Роухани өкмөтүнө оппозицияда болгон топтор Роуханининг 5+1 мамлекеттери менен сүйлөшүүлөрүн “режимди коркунучка кептөө жана ынкылаптын ийгиликтерин жокко чыгаруу” деп баалап, өз билдирүүлөрүндө тынчсызданууларын билдиришкен эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here